Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлду


Кыргызстан. Суусамыр. Иллюстрациялык сүрөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-апрелде кол койгон.

Токтомдо жоюлган ишкананын жумуштан бошогон кызматкерлерине компенсацияларды төлөө үчүн акча бөлүү тапшырмасы жазылган.

“Кыргыз туризм” 2019-жылы түзүлгөн. Мамлекеттик ишкана коммерциялык багытта иштеп, киреше алып келе албай жаткан туристтик жайларды, объектилерди өз көзөмөлүнө алмак. Интернет аркылуу Кыргызстанды жарнамалап, чет жакта жармаңкелерди өткөрмөк. Ал үчүн 2019-жылы бюджеттен 50 млн. сом бөлүү каралган.

Ошол кезде бул ишкана артыкбаш экени, ага бюджеттен кошумча каражат коротуунун кажети жок экени айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG