Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Бейшебай Усубалиев: Азыркы адабиятчыларга таарынычым бар


Бейшебай Усубалиев.
Бейшебай Усубалиев.

Филология илимдеринин доктору, профессор, психологиялык прозанын чебери атыккан жазуучу Бейшебай Усубалиев "Түркүк", "Көз", "Түтүн", "Түн", “Зоока” өңдүү жоон топ аңгемелери, повесттери менен таанымал.

Жазуучу адабий айдыңдагы бурулуштар, кубулуштар, талант жана тагдыр, окурман менен калемгердин мамилеси, табити өңдүү маселелердин айланасында маек курду.​

"Айтматов жазган улуу сезимдин аты табыла элек"

- Бейшебай мырза, сизди окурмандар психологиялык прозанын чебери, кыргыздын Шукшини дешет. Албетте, сиз кыргыздын Усубалиевисиз. Чыгармаларыңызды окуганда жан дүйнөң аңтар-теңтер болуп кетет – бул менин жеке окурмандык пикирим. Чыгармаларыңызга сынчылар, адабиятчылар баа берет. Сиз менен жалпы эле адабият дүйнөсү, тенденциялар, өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз тууралуу калемгер, окурман, күйөрман катары сүйлөшкүм келди. Көп авторлор “мен эң мыкты чыгармамды жаза элекмин” дешет. Сизчи, мыкты чыгармаңызды жаздыңызбы же жаза элексизби?

- Эч ким, жүрөк согуп, сезим жашап турганда, мыкты чыгармамды жазып койдум деп айта албайт го. Мээде жашап, сезимде уюп калган бир топ чыгармалар бар. Мисалы, ошолордун ичинен бир аңгемени баштап атам. Ошонум мыкты болуп чыкса керек деп атам. Андан кийин башкасына киришсем, ошол мыкты болот деп күтөм. “Үмүтсүз – шайтан” деген ошол да.

- Болсун. Сиз ала келген бул “Зоока” деген китеп качан, кайдан чыкты?

- Менин жетекчилигим менен кандидаттыгын жактап, Түркиядагы бир университетте профессор болуп иштеп жаткан Жылдыз Исмаилова “адамдын көңүлүн бура турган сиздикиндей чыгармаларды сурап жатышат. Сиздин чыгармаларды ылайык көрүп жатам, бербейсизби” деп мага кайрылып калды. Китеп болуп чыга элек жыйырмадан ашуун аңгемемди, ага мурункуларды кошуп жиберип ийсем, 2021-жылы Түркиядан ушундай “Зоока” деген ат менен чыгыптыр. Өткөн жылдын аягында колума тийди. Кыргызстанда жакын арада 1000 нускада чыкканы турат. Буюрса, жакында окурмандардын колуна тиет.

- Сиз, аңгеме, повесттерди жазып келесиз. Романга кирише элексизби?

- Муну такыр ойлонуп көрбөптүрмүн. Көлөмүнө карап эсептегенге көнүп калганбыз да, мисалы, ушунча бет роман болуш керек, 50 бет кантип роман болсун деген сыяктуу. Көбүнчө чыгарманын ички механизмин элес албайбыз. 80 беттик романды көргөндө аз эле бет турбайбы деп таң калабыз. Негизи 70 бет деле көптөй сезилет.

- Окурман да бүгүн чыдамсыз да. Көлөмдүү чыгарманы окуганга убакыт бөлгүсү деле келбейт го?

- Азыркы окурмандардын табити бөлөк болуп калды да. Балким, окуясына кызыгып “Каныбек” романын окушар, аны деле олуп-чолуп окушу мүмкүн. Азыркы окурмандар Достоевскийди кантип окуйт?

- Окурман деп калбадыкпы. Жакындагы бир адабий иш-чарада мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов эгемен Кыргызстандын доорундагы көрүнүштөр көркөм чыгарма болуп жазылбай атат деди. Ага чейин өткөн дагы бир адабий форумда да азыркы жазуучулар бүгүнкү окурмандын табитине шайкеш чыгармаларды жарата албай жатышат деген көз караш айтылды. Буга сиз кошуласызбы?

- Окурманда талап ар кандай болушу мүмкүн. Окурмандар да катмарлардан турат да. Мен да көп угуп жүрөм. Атүгүл Кадыркул Даутов (белгилүү сынчы) да жазуучулар бүгүнкү күндү жазбай калды дечү. Эми бүгүнкүнү жазыш үчүн бүгүнкү күнгө сиңиш керек, жуурулуш керек. Үстүрт жазып койсо деле болот. Андай көп эле чыгармалар жаралды. Мисалы, Баратбай Аракеевдин жана башка авторлордун "өлтүрүп кетти, алдап кетти, кыздарды кордоду" дегендей баяндары көп. Ал эми бүгүнкү ичинен кан өтүп, сыздап, дүрбөлөңгө түшүп жаткан адамдын жан дүйнөсүнүн кыймылын берген чыгармаларын берген чыгармаларды мен азыр учурата элекмин. Замандын өзүнө сиңип, таанып-билгенге убакыт керек деп ойлойм. Көркөм чыгармадан окурман өзүнүн жанын көрүшү керек. Аны баарынан мурда ушул кызыктырат.

- Сиз адабиятчы - окумуштуусуз. Кыргыз адабиятында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп жатабы? Сиз байкайсызбы? Баягүнү адабий форумда азыр дагы эле илгерки советтик идеологиянын таасиринен чыга албай жатышат, ошол кездегидей түшүнүктөргө жетеленип жазышат, дегеле совет доорунун таасиринен чыгуу керек деген өңдүү ойлор айтылды. Мисалы, керек болсо Айтматовдун Дүйшөнү да жасалма, советтик идеологиянын таасиринде жазылган болчу дешти.

- Биз Айтматовду ача албай келебиз дагы эле. Мурдагы Советтер Союзунун мейкиндигинде канча айтматовтаануучулар бар, дүйнөдө дагы канчасы изилдеп жүрүшөт. Бирок анын көркөм дүйнөсү дагы эле ачыла элек. Дүйшөнгө келели. Африкада Айтматовдун китептерин англис тилинен оодарган котормочу бар экен. Ошол “Биринчи мугалимди” которгондо жазуучуга барып колунан өпкүм келди дейт. Дүйшөндөгү улуу нерсе кайсы? Чыныгы мугалимдин жан дүйнөсү кандай болушу керектигин Айтматов ушул каарманы аркылуу ачып берген. Дүйшөндү эч ким тана албайт. Анткени анда чыныгы мугалимдин жүрөгү, элге жарык жеткирсем деп күйүп-бышкан адамдын жан дүйнөсү турат көз алдыбызда.

“Жамийланы” алалы. Аны Луи Арагон “сүйүү жөнүндөгү эң ажайып баян” деп бекеринен айткан жок да. Ага чейинки дүйнөлүк адабиятка көз чаптырсаң, даяр сүйүүгө кезигесиң. Көргөндө эле ашык болуп, сүйүп калышат. “Анна Каренинада” деле, Стефан Цвейг жазган “Бейтааныш аялдын катында” деле ошондой. Айтматовдо андай эмес. Айтматовдун чыгармаларында бул ыйык сезим - сүйүүдөн жогору турган сезим. Бул сезимге ат коюла элек. Биз ага таба элекпиз. Ошо сезим адамда кантип жаралат? Анын тилсиз жоо экенин билген эмеспиз да. Мисалы, Жамийла абдан акылдуу, кайненесин сыйлаган, эл-журт эмне дейт деген эстүү жан нарктуу келин болчу да, туурабы? Бул сүйүү деген адамды жинди, делбе кылып салуучу сезим окшойт, сыягы. Эгерде Айтматов идеологияны ойлоп отурса Жамийланы өлтүрүп же өлтүртүп тынмак.

Колго калем алуу – бул өзүңдөн өзүң ажыроо. Сага идеология да кереги жок, башка нерселерди да унутасың. Бул - үчүнчү дүйнө. Бүттү. Сен өзүңө өзүң ээ боло албай каласың, ээлигесиң. Кудай ошого, төккөнгө жеткирсин. Биз, көбүбүз төгө албай жатпайбызбы. Биз жаратпай атабыз, жасап атабыз.​

Биздин милдет - кыргыздык жүзүбүздү дүйнөгө таанытуу

- Жаратпай, жасап жаткандык окурмандын табитин бузуп салбайбы? Кокту-колоттун, уруулардын деңгээлиндеги баяндар жазылып жатпайбы. Бул агымды кантип туура нукка салууга болот? Бул табигый көрүнүшпү же аны кандайдыр бир жолдор менен оңдоп-түзөш керекпи?

- Бүгүнкү күндө акыл айтуучулар көп. Мен деле акыл айткандай болбоюн, буга акылымбы, билимимби, дээримби жетпей турат. Бирок жеке оюмду айтайын. Табитти бузуу – чоң күнөө. Бир гана көркөм адабиятта эмес, жалпыга маалымдоо каражаттарына да тиешелүү көрүнүш. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары оңолмоюнча коом оңолбойт. Азыр улуттук жүзүбүздү сактап калуу милдети турат баарыбыздын алдыбызда. Биздин коомдук аң-сезим бурулуп кетти. Кантип кайра буруу керек?

- Кайсы жактан кайсы жакка?

- Биз ээрчиме болуп, өзүбүздү таппай жаткандайбыз. Биз дүйнөгө эмне үчүн керекпиз? Кыргыз экендигибиз үчүн гана! Адамзаттын өнүгүшүнө кошкон эң негизги үлүшүбүз, салымыбыз - өзүбүздүк кыргыздык жүзүбүздү ачып көрсөтүшүбүз керек.

- Бул адабияттын милдети, калемгерлердин милдети деп атасызбы?

- Ооба, бардык тармактын - илимпоздордун да, адабият, маданият, искусство адамдары да баары ушуга назар бурушу керек.

- Азыр эми адабиятка келсек, азыр сын көз менен карагандардын катары суюлуп кетти. Кадыркул Даутовдой, Салижан Жигитовдой сынчылар жок. Сынчылыктын сээлдеши да биз айтып жаткан чөп-чардын көбөйүшүнө себеп болуп жатабы? Азыркы акыбалга кандай баа бересиз?

- Илимдин докторлору көп, бирок окумуштуулар жок сыяктуу. Бардык тармактарда ушундай өңдөнөт. Эми Кадыркул Даутовдон жыйырмасы келсе да, чөп-чар чыга берет экен. Анткени азыркы кезде сын да жукпай калдыбы деп ойлойм. Мурда биз сынды кабыл алчубуз, сынга кабылганда мүңкүрөп калчубуз да, туурабы? Азыркылар эч кейибейт, окубай да коюшу мүмкүн, былжырай берет деп. Кааласа китепти ар ким өзү эле үйүнөн чыгарып алат китепти. Эстетикалык табитибиз бузулуп кеттиби, айтор, акылым да жетпейт.

- Жазуучулар союзу сынчыларга калем акы төлөп, бул тармакты колго алалы деп жатат. Мындай демилге өзүн актабайбы?

- Актайт. Мен окуткан балдардын ичинен абдан жакшы сынчы, жазуучу, окумуштуулар чыкмак. Бирок баары турмуш шарттан улам күч-кубатын бөлөк жакка жумшап жатат. Анткени илим менен, адабият менен тиричилик кыла албай калышты. Материалдык жактан колдоону тээ биринчи тепкич катары карашыбыз керек. Эми сын жазбай коё албагандардын мууну келиши керек. Биз ошол муунду тарбиялоого мамлекеттик деңгээлде кам көрүшүбүз керек.

- Сиз өткөндө да айттыңыз эле, далай чыгармалар үстөлдө калууда, аабиятчылар талдабай жатат деп. Өзүңүз Сүйүнбай Эралиевдин “Жүз жылдар мындан кийин да” деген ырын 40 беттей көлөмдүү макалаңызда талдагансыз. Ошондой чыгармалар аз эмес да. Ошолорду талдаганга адабиятчылар чыгабы?

- Атын атаса, куту сүйүнөт дегендей, адабият боюнча илим докторлору бир топ эле. Алар азыр бүгүнкү чыгармачыл процесске кирише элек. Айтышты жазып жатышат, “Манасты” сөз кылышат, фольклор деңгээлинде изилдеп жатышат. Бүгүнкү күндөгү адабий процесске жок дегенде сынчы, адабиятчы катары сереп салып, иликтеп турушса жакшы болмок. Бул алардын кесиптик милдети.

- Эмне үчүн кирише албай жатат – дарамети жетпей жатабы?

- Менимче, бүгүнкү адабий процессти көз жаздымда калтырып коюшууда. Адабият боюнча илим докторлорунун, кандидаттарынын дарманы кандай экенин билбейм, анткени жазгандары китеп болуп чыктыбы же жокпу, же диссертация бойдон китепканада чаң басып жатабы, билбейм. Дарманы жетпей жатат деп да айта албайм. Бирок адабиятчыларга таарынычым бар. Эмне үчүн бүгүнкү адабий процесске киришпейт? Же чыныгы сырымды эл билип коёт деп коркушабы?

- Бир жаш сынчы азыркы адабиятчылар жазуучу болуп кетишет, болууга умтулушат дейт. Алардын катарында сиз да барсызбы?

- Мен башынан эле жазуучу катары келгенмин. Биринчи “Чал жана дарак” деген тырмак алды аңгемем он жети жашымда “Нарын правдасында” жарык көргөн эле. Негизи адабият менен илимдин түпкү максаты окшош – экөө тең дүйнөнү таанып билүүнү көздөйт. Кээ бирөөлөр чын эле адабиятчы илимпоз болуп кетишет. Жазуучу да болуп чыгышат. Кээ бирөөлөрү тырмышып, адабияттын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн окуп алгандан кийин өздөрүнүн да илхамы ойгонуп кетеби, чыгарма жазышат.

Адабиятчылыктын, сынчылыктын кадыры да кеттиби дейм. Ой жүгүртүү көркөм чыгарманын өзөгүн түзүп турат. Адабиятчы таза алганда, чыгармачылыкка караганда илимге жакын да. Бизде мамлекеттик деңгээлде илимге көнүл буруп, анын деңгээлин көтөрүү зарылдыгы курчуп тура. Илимге көңүл буруу керек, ал биринчи орунда турууга тийиш. Ушуну түшүнгөндө маселе чечилеби деп ойлойм.

“Биз талантты кылык-жоругуна карап баалайбыз”

- “Теректер же комуздун үч кылы” деген чыгармаңызда кыргыздын кашкайган үч чоң таланты Асанкалый Керимбаев, Байдылда Сарногоев, Какен Алмазбеков жөнүндө зээниңиз кейип сөз кылган экенсиз. Булардан үчөө эле эмес го деп ойлойм. Таланттын даңкын тагдыры чыгарабы?

- Дүйнөлүк адабиятта деле ушундай тагдырлар кездешет. Мисалы, Стендалдын сөөгүн алты киши көмгөн экен. Азыр анын мурасы Францияны багып жатпайбы. Эми өзүбүздүн үч таланттын тагдыры үчүн кимди күнөөлөйбүз? Кээ бир адамдар эрте жетилип, эрте бүтүп калабы деп ойлойм. Көңүл чөгүү, убактылуу аңгырап бош калуу деген болот да. Мына ошону чыдап көтөрө билиш өтө оор иш. Асакемдин эрте өтүп кетиши...

Какен Алмазбековдун тагдыры кандай экенин билбейт экенмин. Бозо ичкен жерден эле көрдүм да. Жанагынча ыры бар экенин, өзүнчө бир көркөм казынаны түзүп койгонун да билбейт экенмин. Мага ал өзүнө ошондой тагдырды тилеп алгандай сезилет. Эч кимге кошулган жок, жардам сураган жок, туурабы?

- Бирок формалдуу мамилелерчи, Жазуучулар союзунун мамилеси жөнүндө сиз жаздыңыз го.

- Калемгер бирдеме жаратып жатабы, ал бизди толкундантабы деп ошого карап баалаган көз карашка жете элекпиз. Биз болсо кандай жүрөт, мүнөзү начар, ит кыял, эл көзүнчө айыбыбызды чукуп шерменде кылат, ичип алып кыйкырат же ичип жүрөт дейбиз. Ал ичип жүрөбү, ичпейби, мисалы, Байдылдадай бизге ким сонун таберик калтырды? Дагы качан жаралат? Какен Алмазбеков “Он үч жашар баланын арманы”, “Айылдын ары жагынан” же “Чагылган” дегендей ырлары үчүн эле Жазуучулар союзуна кабыл алып койсок болмок да. Ошондо кенебей койгонубуз, ошол аны ого бетер мүңкүрөткөн.

- Табылды Муканов...

- Табылды Мукановдун китебин окуп чыктым...

- Тургунбай Эргешев...

- Аны да көрүп калдым. Бир гезит чыгарам, Жазуучулар союзунда илип коём деп жүрдү. Биз анда биринчи курстабыз. Баарыбыз ыр жазып апкелип бергенбиз. Ал көрсө ошондо делөөрүп жүргөн кези экен. Талант өтө оор, аны көтөрүп жүрүш аябай оор болот. Бирок жон терибиз менен муну сезбейбиз. Биз баарына ушул принциптен карашыбыз керек эле да. Табылды Мукановдун кыял-жоругун кечиришибиз керек болчу да. Какен Алмазбековду деле. Бирок, мисалы, Какен Алмазбековду ушундай бөпөлөп, келишкен сарайга киргизип койсок, ошол ырларын жаратат беле же жокпу? Ал өзүнчө маселе болуп жатпайбы! Муну өзүнчө изилдеш керек атайын. Орустарда 600 беттик китепти окудум, кыргызчага которгондо “Чыгармачылык жана ичкичтик” (“Творчество и алкоголизм”) деп аталат. Биз изилдей элекпиз. Кыргыздын психологдору, физиологдору, адабиятчылары ал деңгээлге жете элек.

- Ачыктык деген жок болуп жатат да. Ошол күйүп турган нерсенин күңгөй-тескейин ачып бере албайбыз.

- Бизде, чыгыш элдерине Европанын менталитети туура келбейт. Аны жабыштырбашыбыз керек. Бизде эң жакшы нерсе бар – кыйытып айтуу деген бар. Чындыгында ушундай нерселерди кыйытып эле айтсак болот.

- Сиз, мисалы, “... үч кыл комузда” жазып атпайсызбы. Ошондойду көбүрөөк жазып, эмнеси болсо да элге жеткириш керек да.

- Мен аны бутум сынып үйдө жатканда жаздым. Негедир күтүүсүздөн эле жазгым келди. Мага таасир калтырганы – алардын көз карашындагы жалтаңдык, корунуп турганы. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Балким, ичимдиктен болуп жүрбөсүн деп ойлодум.

“Далдалчылык”, карылык жана көртурмуштун бороону тууралуу

- Алым Токтомушевге баш сөз жаздырып албай калдым деп өкүнүпсүз. Бирок азыр социалдык тармактарда далдалчылар, б.а. китепке баш сөз жазгандар жөнүндө талкуу болуп жатат. Жөндөмүнө, дээринде бирдеме бар-жогуна карабай, көбүнчө авторлордун көңүлүнө карап эле жазып берип жатышат деп сындагандар болууда. Сизге да баш сөз сурап кайрылышабы?

- Мен деле далдалчы болуп жүрөм, ачыгын айтайын (күлүп). Мисалы, келишет. Асылбай Ибраев деген англис тилчи бар, ал тилде эркин сүйлөйт, илимдин кандидаты, “Ала-Тоо-Ата түрк” университетинде иштейт. Ал мага өзүнүн жыйнагын алып келиптир. Албетте, идеалдуу эмес, бирок бизде айтылбай келген поэтикалык табылгалары бар экен. Ошону карап, баш сөз жазып бердим. Андан кийин акындардан Бүбайша Арстанбекованын Курманжан датка жөнүндө чыгармасы англис тилинде чыгыптыр, баш сөз жазып бериңиз деп мага келди. Окуп чыктым – орто деңгээлдеги чыгарма экен, бул жагын да ачык белгиледим. Бирок кыргыздын үрп-адаттарын абдан жакшы билет экен, ал жагын да айттым. Айрымдардын китеби тууралуу жазгандан баш тартам. Таанымал авторлордун чыгармалары жөнүндө мыкты жерлерин көрсөтүп, кемчиликтерин өзүңөр деле байкайсыздар дегендей кыйытып жазам. Мисалы, Атахан Кожогуловдун “Беш өрүмү” жакшы экен, ар бир өрүмүндө өзүнчө купулга толорлук ырлары бар. Драматург Садыр Сарыгуловдун китебине да жаздым...

- Кыскасы, көп эле жазып жүрөт экенсиз?

- Ооба (күлүп).

- Негизи баш сөз жазуу деген зарылбы?

- Биз баш сөз десе эле мактоо деп түшүнөбүз. Ошол түшүнүктөн арылышыбыз керек. Муну өзүнчө багыт катары деңгээлин көтөрүп жаза жүрсөк жакшы болмок. Баш сөз окурманга багыт бериши, чыгарманын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшү керек.

- Сизден жалгыздык жана карылык жөнүндө сурайын дедим эле.

- Карысы жок үй-бүлө же айыл жетим калгандай эле кеп да. Карылык – бул дөөлөт. А бирок карып калган киши үчүн бул кандай экени өзүнчө маселе. Бир агаларымдан бар эле. Апам өтүп кеткенде келип калды. Айылда Шер деген дагы бир аксакалыбыз калыптыр. Ал келгенде тигил агам ордунан туруп ыйлап жиберди, “Шер, жок дегенде сен келип турсаң боло, бутуң басат эмеспи!” деп. “Эмне болду, байке?” деп сурасам “Эшик алдында таягым менен жер чукуп отурам. Тээ тияктан бир караан көрүнсө, ошол келип учураша кетер бекен деп самайм”, - дейт. Мына, карылык деген. Жалгыздык болуп атпайбы.

- Ушул темада бир топ эле жазып жүрөсуз...

- “Түркүктө” деле бар. Бир үйдө түркүктү эне деп, өскөн балдар кийин бири-бири менен кучакташкандан, өбүшкөндөн тартынышат. Болбосо бир төшөктө чогуу уктап чоңоюшкан. Бул сезим каякка жоголгон? Абыл ошого ыйлап жатат, бул сезимимди ким жутуп алган деп.

Менимче, адам согушту да баштан кечирип, өлүмдү да баштан өткөрүп, кайгыга чөкпөй жашап кете алат экен. Бирок көр турмуштун бороонуна туруштук бериш өтө кыйын экен да. Көр турмуштун бороону деген бир балакет бар. Алыкул муну биринчи жолу көтөрүп чыккан, “Жибек кийген эрке кызда”. Бул чоң трагедия да. Кыз келечектен ажырайт, турмушка атасынын көзү менен карап калат. Алыкул ошого ыйлап жатат да.

- Бар болуңуз, чыгарма жазгандан башка учурларда жалгыз болбоңуз. Сизге ден соолук, ийгиликтерди каалайбыз.

- Дүйнө чайпалып турганда аны ордуна келтирүүгө силердин да үлүшүңөр чоң болсун деп тилейм. Силерге да чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG