Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Шабдан акын: Аялдар камалганда жүрөгүм ооруду


Шабдан Сулайманов.
Шабдан Сулайманов.

"Азаттык" элеттик акын Шабдан Сулайманов менен анын чыгармачылыгы жана күнүмдүк турмушу тууралуу маек куруп, коомдогу болуп жаткан окуялар тууралуу оюн укту.

- Арыбаңыз! Айыл-апа тынчпы? Элетте кышкы тиричилик деле өз нугунда жүрүп жаткандыр?

- Бар бол. Айылда жай турмуш өтүп жатат. Биздин Талды-Булак айылыбыз деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийик жайгашкан. Жашообуз жер менен малга тыгыз байланган. Башка иш деле жок. Мен да эл катары мал-кел менен алекмин. Биз малды багабыз, мал бизди багат. Эртең менен эрте турмай, чөп салмай, суу бермей, жайытка чыгармай, кайра тосмой, алдын кургактамай. Айтор бүтпөгөн тирлик.

Талды-Булак айылы.
Талды-Булак айылы.
Талды-Булак – Кыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Чоң-Кошой суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2040 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун борборунан 35 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол станциясынан (Казакстан) 192 чакырым алыс. Айыл 1936-жылы негизделген. Калкынын саны 4 миңден ашуун. Элетте орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Соода жайлары иштейт.

- Кечээтен бери сиздин эне тууралуу ырыңыз социалдык тармактарга тарап, жылуу пикирлерди жаратып жатат. Анда чоң ата-чоң эненин колунда тарбияланган баланын көөдөн кыйкырыгы баяндалыптыр. Ырдын тарыхын кыскача кеп кылсаңыз. Бул өз тагдырыңыз окшойт?

- Бул ырдын тарыхы кадимкидей эле кыргыз үй-бүлөсүнүн тарыхы. Башкача айтканда, менин тагдырым. Ата-энем мугалим болгондуктан улуу эжем экөөбүздү бир-эки жашыбыздан баштап чоң атам менен чоң энем (ушул "чоң" деген сөздү кошуп сүйлөөнүн өзү мага кыйын) баккан. Алар тоодо малчы эле. Жети жашка чыгып, мектепке барганга чейин тоодо жүрдүк да. Анан кашайып окуу деген немеси башталды. Атам ыраматылык ишемби күнү атка учкаштырып кетип, жекшемби күнү кечинде 10 чакырым жерден кайра айылга жеткирчү. Өзүмдүн атам жалгыз уул болгондуктан, чоң атам менен чоң энем эжем экөөбүзгө укмуштай мээримин төгүп, бакты да. Тоодон мектепке келгенде өз ата-энеңде баягы мээримдин бири жок. Эжем экөөбүздөн кийин да төрт баласы бар (менин бир туугандарым). Сабактан келмей, анан үй жыйнамай, суу ташымай, бала багышмай. Айтор, түгөнбөгөн жумуш. Тоодо эркин куштай жүрүп көнгөн мага көчөдөгү үй капастай эле болду да. Азыр ойлосом, тоодогу үч айлык каникулду кошпогондо, жыргатып деле ойнобой чоңоюптурмун.

Ошол эркиндикти, эркеликти, оюнду, көңүлдү, бала менен чоң кишинин тең катары баарлашуусун мен тоодогу ата-энемден эле көрдүм да. Менин аларга болгон кусалыгымдын башкы себеби да ушудур.

* * *
Жашап жаткан уяңды бузбас кылып,
Жаратпайбы мезгилди учпас кылып.
Балалыкка алпарчы атакебай,
Баштагыдай тору атка учкаштырып.

Жылкы айдайлы жылгадан күлүк минип,
Жылдыз жанган түндөрдү сүрүп кирип.
Жаз тосолу ак карлуу чокулардан,
Жакшы тилек, максатты үмүт кылып.

Тай минейин олтуруп ээрине бек,
Талды-Булакка баралы шеринелеп.
Кара шагыл үстүндө үч түп болгон,
Карагаттар баягы териле элек.

Камыштуу сай, Бакай-Таш, Бөлөк-Дөбөм,
Кара жамгыр төкчү эле көнөктөгөн.
Түбөлүктүү жашайт деп мен силерди,
Түк оюма келбептир өлөт деген.

Түк билбепмин, бала экем түшүнбөгөн,
Тирүүлүк жок турбайбы үзүлбөгөн.
Тактайында отурчу энемди эстейм,
Тамекисин колунан түшүрбөгөн.

Салып дүрбү көздөрү тешилчү эле,
Садагам деп, сарым деп эзилчү эле.
Көк чермейин жыттасам күнгө тозгон,
Көмөч нандын жытындай сезилчү эле...

Кенендерим, асылым, эсилдерим,
Келип турат азыр да кечир дегим.
Карай берип кайтчудай жолуңарды,
Картайыптыр наристе сезимдерим.

Баарын өзүм башкарып, билем деген,
Баштагыдай тайрактап жүрөм деген.
Эрке талтаң учурум эчак көрсө,
Ээрчип ыйлап кетиптир силер менен.

Студент болгондон көп өтпөй атам менен апам удаа кайтыш болуп кетишти. Анан "тирүү" жетим болдум да. Баккан ата-энеңе арнап бир нерсе жазайын десең, бул жакта чыныгы ата-энең турат. Баарыбыз эле бир жерде, бир үйдө жашайбыз. Аларга катуу тиеби деп корунасың. Ошол бойдон мендеги ата-эне темасына болгон ырлар жабылды да калды. Анан минтип 30 жылдан соң кайрылып отурам. Мамам азыр 70тен ашып калды. Бирок ага болгон бир жакындык сезимим жок. Кээде өзүм да таң калам? Бул ырды жазып, интернетке жүктөгүчө, мен эле ошондой дили катуу, сезими жок, боору таш окшойм деп ойлоп жүрүптүрмүн. Элдин пикирин окугандан кийин, баары эле мага окшош турбайбы деп жеңилдеп калбадымбы.

Бул ырым чыккандан кийин мамам Вотсаптан "Рахмат, кагылып кетейин каараныңан, чындыгы ошондой. Эч ичи тарлыгым жок, атам менен апамдын арбактары колдоп бала-чакаң, алган жарың менен аман-эсен жүрсөң ошол мага чоң сыймык, окуп алып бырылдап ыйлап жатам" деп жазып жибериптир. Мына ушундай. Бирок, мамам айланып-кагылганы менен өзү баккан балдарын мага караганда жакшы көрөрүн сезип эле турам. Же мага ошондой туюлабы, билбейм? Сыртын салып турган кишини ким эле жакшы көрсүн?!

Мамама

Чоң ата баккан балдар,
Чоң эне баккан балдар,
Чогулуп бир түшө албай,
Чоң турмуш кемесине.
Чоочуркап өз атасы энесинен.
Жүздөрү үйрүлбөгөн,
Жүрөгү ийрилбеген,
Силерди көрүп турам мен өзүмөн.

Чоң ата коюнунда,
Чоң эне моюнунда,
Мага окшоп өскөн жандар,
Мамалап, же болбосо жеңекелеп.
Энесин, өз энесинин эмчек берген,
Эркелей албайт экен "энекелеп".

Көпчүлүк! Көпчүлүк эй!
Көшөрүп дилин бербей,
Көңүлү бала кезден тилингендей,
Темирдей катып турган,
Телинбей качып турган,
Көк бетти көрдүң экен кимиң мендей?

Элүүгө чыксам дагы,
Эзилип отурамын,
"Энеке" деген сөзгө тилим келбей...
Кантейин айталбадым...
Кадырлап сыйласам да,
Канчалык өзүмдү-өзүм кыйнасам да...
Мезгилдер өтсө деле,
Мээримин өз энекем төксө деле,
Мээнетиң алайын деп өпсө деле,
Көңүлүм эмнегедир туруп алат,
Көзү өткөн чоң энемди көксөп эле...

Өзгөчөм, мамам менин,
Өзүңдү келбейт такыр жаман дегим...
Тоң моюн балаңды сен,
Тогуз ай тоголонуп,
Тогуз саат толгоо тартып тапкан элең...
Дегеле кол көтөрүп чаппады элең,
Дегеле оройлонуп какпады элең,
А бирок "апа" деген ыйык сөздү,
А дүйнө апкетиптир менчик кылып,
Асырап баккан энем...

Сиз мени түшүнүңүз!
Ушундай толук бышпай,
Ушундай тоңуп муздай,
Ушундай начар чыкты түшүмүңүз.
Көңүлүң оорутпагын,
Көзүңө жаш албагын.
Сиңишип кетпесем да камыр-жумур,
Силердин үй-бүлөдө катардамын.
А бирок "ата, апа" деп тилим чыккан,
Ал сөздү биринчи уккан,
Арбагын ата-энемдин сата албадым.

- Жыргалбек Касаболотов, Эрнис Асек уулу баштаган белгилүү акындар менен курсташ-курбалдаш болуптурсуз. Анан сизди айылга кайсы шамал айдап барды? Учурунда борбордо калып чыгармачылыкты өнүктүрүүгө бел байлаган жок белеңиз?

- Ооба, Жыргалбек, Эрнис менен бир курста эки жыл окугам. Абдан жакшы достордон элек. 1991-жылы союз таркап, элдин баары базарга ооп баштаганда, мен да жиндидей болуп окуудан чыгып кеткем. Бирок кийинки эле жылы сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, окууну аяктадым. Кай бир саясатчылардай болуп дипломду сатып алган эмесмин. Бишкекте 15 жыл жашадым. Ал жакта деле кудайга шүгүр там-ташым бар эле. Кийин сатып, айылга келе бергем. Чыгармачылык үчүн айылбы же шаарбы айырмасы жок. Азыркы интернеттин заманында өзгөчө эч айырмачылык таппайсың. Сен шаарда жатып угуп-көргөндөн мен деле айылда жатып кабардар болуп турам. Болгону айылда тирилик көп. Ал эми чыгармачылык убакытты талап кылат. Бир ырды жазыш үчүн кээде бир күн кечке түйшөлөсүң. Мал деген сени күтүп отурбайт. Чөп-чарын убагында беришиң керек, тосушуң керек, кошушуң керек дегендей... Айтор баарына убакыт табышың керек. Ырды ойлобой эле көбүнчө малды ойлоп турасың. Жазында болсо жер айдоо, сугат, чөп чаптырмай, чөп жыйнамай. Кыскасы күзгө чейин тытынмай... Бирок мындай жашоого деле нааразы эмесмин. "Кайда барсаң Мамайдын көрү" демекчи, шаарда деле ошондой оокат да туурабы? Азыркы заманда бутуңду сунуп жата берсең ачка калбайсыңбы.

Дос бороон

Боз-Айгырдын боз бороону ыркырап,
Боздогондо ботодой бир буркурап.
Бу дүйнөдө жалгыз өзүм калгансып,
Буулугамын жазылбаган ыр сымак.

Кара талдын карт бутагын жапырып,
Карды-кардай, чаңды-чаңдай сапырып.
Жаалы күчөп, жанып сабап келгенде,
Жашынчу жер таппай турат макулук.

Бороон! Бороон! Сен качанкы боз бороон.
Бойго жеткен ашыктарга дос бороон.
Урпак келсе кубанычтан удургуп,
Узаганда уңшуп ыйлап коштогон.

Сен экөөбүз бир көчөгө түшүп эй,
Сен экөөбүз чүкө ойночук үшүбөй.
Караңгыда жан-жагымдан ышкырып,
Кадимкидей караан элең кишидей.

Сен экөөбүз коюн-колтук алышып,
Сен экөөбүз ат жалында жарышып.
Үзүлчүдөй эс-акылдан кыз сүйдүк,
Үстүбүздөн бурганактап кар учуп.

Чогуу бастык тобокелдеп дарчыдай,
Чогуу актык чоң турмушка тамчыдай.
Ынак досум бирок бүгүн негедир,
Ыркырайсың мени жутуп алчудай.

Албууттанбай токто бороон, токтогун,
Ал кездеги апам тиккен жок тонум.
Жылас болуп өткүр кезим, өрт кезим,
Жылуулукту самап калган окшодум.

Боройлоп да, борошолоп жыл чубап,
Бороон! Бороон! Токтоор эмес бул чунак.
Боз-Айгырды ашып кетип баратат,
Бороондогон кайран гана курч убак.

- Айылда деле калемдештериңиз бар чыгаар? Кандайдыр бир ийримдер барбы? Акындын элеттеги жашоосунун артыкчылык, кемчилигин санай аласызбы?

- Айылда чыгармачылыкка багытталган ийрим жок. Мектепте, окуучулар арасында балким бардыр. Ал деле "душман көзүнө" да. Мен Таластын борборунан 80 чакырым алыс турам. Он жыл мурда айылга ийрим ачып, таланттуу балдардын жөндөмүн ачсамбы деп аябай аракет кылдым. Акчасыз, бекер эле. Тилекке каршы азыркы муун "телефон жинди" болуп калыптыр. Эч кимисинин чыгармачылыкка кызыгуусу жок экен. Аракетимден майнап чыкпады. Өзүм болсо эч кандай иш-чараларга деле катышпайм.

- Өзүңүздөн улуу муундагы кайсы акындардан таасир алдыңыз? Кимдер өрнөк болду?

- Улуу муундагы акындардан Шайлообек Дүйшеев, Сагын Акматбекованын ырлары жагат. Негизи өзүм эч кимди кумир тутпайм. Эч кимисин туурагым да келбейт. Оюма келип калса жазып коём, келбесе жүрө берем. Ырларым деле аз. Мурдагы жазгандарымдын баарын тытып жок кылгам. Башкалардай болуп башпалдак атып эле күндө бир ыр жазып, китеп чыгарат элем деп күйүп-бышып отурбайм. Өмүрүмдө бир китеп чыгарсам жетеби деп ойлойм... Болбосо, техниканын күчүнө салып жаза берсем болмок. Бирок кереги эмне? Он китеп чыгарсаң дагы, арасында жакшы жазылган он ыр эле элдин эсинде калат. Эгерде калса... Бул сөзүмдүн прозага тиешеси жок, анын жөнү башка.

- Учурда башка акындардын чыгармачылыгына көз чаптырып, дараметин байкап турсаңыз керек. Дегеле кыргыз поэзиясы соңку кезде жаңылык жаратып жатабы?

- Кыргыз поэзиясы өнүгүп-өсүп кетти деп айта албайм. Тескерисинче, калем кармап, жамак жазганды билгендин баары эле акын болуп, китеп чыгарып жатат. Бирок мыкты жазгандары да жок эмес. Өзгөчө кыздар жакшы жазып жатышат. Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, Бегайым Нурланбек кызынын ырлары агат.

* * *
Ошондогу сага суктанам,
Оюңа кир жугуп-жукпаган.
Окуучу кыз аруу, таптаза,
Он сегизге чыгып-чыкпаган.

Баёо мүнөз, күлүп, каткырып,
Байке десең сүрдөп, аптыгып.
Башкача бир сезим байырлап,
Байкабастан калгам жактырып.

Мектеп жакка эңсөөм күч алып,
Мен да "окуучу" болдум күз айы.
Билип-билбей түркүн ой жооруп,
Бизди ушактап жүрдү бүт айыл.

Күүгүм тарта күтүп эшиктен,
Күндөрүм шаң сага кезиккен.
Отуз жашка таяп калсам да,
Он тогузда өзүм сезип мен.

Бир көрбөсөм күнүм батчу эмес,
Бир ишке да көңүл чапчу эмес.
Кошуналар таанып, а тургай,
Корооңдогу итиң капчу эмес.

Канча сездим жайдын аптабын,
Канча кечтим кыштын ак карын.
Канча бастым сенин көчөңдө,
Канча жаздым сүйүү каттарын...

Өтүп күндөр үшүп, үргүлөп,
Өтүгүмө жерди сүргүлөп,
Жолдон өлдү канча сааттарым,
Жолугушуу үчүн бир мүнөт.

Жандырмагын чечип түйүндүн,
Жалындадык, сүйдүм, сүйүлдүм.
Кайып буйруп келдиң бир күнү,
Кадыркечи болуп үйүмдүн.

Берсе кудай мага күч гана,
Берем дечүм баарын бүт сага.
Берекем ай, кайра мен үчүн,
Белек кылып бердиң үч бала.

Тагдыр болду бизди жуптаган.
Тааныштардын сөзүн укпаган,
Тандап алган менин дүйнөмдү,
Табитиңе сенин суктанам...
Табитиңе сенин суктанам...

- “Жер жарылса, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деген кеп бар эмеспи. Азыркы тапта өлкөбүз түрдүү кырдаалды баштан кечирип жаткандай. Акын жүрөктү эмнелер толгонтууда?

- Кийинки күндөрү мамлекетибиздин эртеңки тагдыры, жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин жашоосу мени көп толгонтчу болду. Сөз эркиндиги, адам укугу, эркин көз караш, эркин пикир, ачыктык, актык, тактык деген баалуулуктар четинен "муунтулуп" жатканы мени кейитет. Кыргыз жеринин берилишине каршы болгон азаматтардын, өзгөчө аялдардын камалып жатканына чындап жүрөгүм ооруйт. Биз мындай жол менен эртең кайда барабыз, кайсы жол менен өнүгөбүз, кандай мамлекет курабыз? Ушул суроолорго жооп таппай түйшөлөм. Дүйнөдөгү геосаясий абал дагы бир кылка болбой, толкундап турат. Айтор элимде, жеримде тынчтык эле болсо экен деп тилейм. Тынчтыктан, амандыктан өткөн кубаныч жок.

Кырман

Союз деген чоң атам курган эле,
Солкулдабай эчен жыл турган эле.
Күндү жутуп томсоргон дал ушул жер,
Күркүрөгөн бир кезде кырман эле.

Кырман эле көп элге жагып турган,
Кыйма-чийме унаалар агып турган.
Бириктирип бардыгын эмгек менен,
Бир айылдын мал-жанын багып турган.

Тоют болуп ташылып канчасы улам,
Толуп кетчү бат эле аркасынан.
Артып турчу пейили ал ан сайын,
Арпа-буудай төгүлүп кампасынан.

Үйдөн чыксам таң менен, иңир менен,
Үнү угулуп күрүлдөп, дирилдеген.
Кыялданып отуруп кичинемде,
Кырман болуп кетчү элем дилимде мен.

Чоң максатты алдыга коюп терең,
Чогуу өстүк, чоңойдук тоюп кенен.
Чок баскандай чоочутуп бир күнү эле,
Чоң атабыз көз жумду Союз деген.

Менчиктеди ал анан тамын бирөө,
Мээнет кылбай айдады малын бирөө.
Кошо талап турушту туш-тушунан,
Кой дегенге жарабай жарым бирөө.

Баш аламан турмуштун закымында,
Баш-аяксыз иш кылып сапырылма.
Кышын сатып талкалап, ичин сатып,
Кырманды да жок кылдык акырында.

Токтото албай өмүрдү зымылдаган,
Толкун келет угулуп, угулбаган.
Үй сыртында баягы эски тааныш,
Үн жаңырып тургансыйт уңулдаган.

Баркың сенин билбедим мурда неге,
Балалыкты көрчүмүн кырдан эле.
Буруп турган ажайып бир мезгилге,
Бул мен үчүн эң кымбат кырман эле.

Акын Шабдан Сулайманов 1972-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында туулган. 1995-жылы КМУУнун кыргыз тили жана адабияты факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Учурда Талды-Булак айылында жашап, мал чарбачылык менен алектенет. Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG