Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Камалган акын, таарынган манасчы жана жаштарга жаккан "Акыркы сабак"


Нооруз майрамы, Баткен. 21-март, 2022-жыл.
Нооруз майрамы, Баткен. 21-март, 2022-жыл.

2022-жылдагы Кыргызстандын маданият айдыңындагы олуттуу окуяларды эске салабыз.

Коомчулук коргоп калган музыкант

2022-жыл жаңырары менен эле маданий чөйрөнү, коомчулукту селт эттирген чуулгандуу окуя катталды.

Январь айында Казакстанда орун алган башаламандыкта кыргызстандык музыкант, пианист Викрам Рузахуновдун кармалып, кылмышкер катары ур-токмокко алынышы кыргыз коомчулугунда резонанс жаратты.

9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" тараткан видеодо бети-башы көгөрүп, сабалган жигит аны “белгисиз адамдар 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын" айткан. Көп өтпөй интернетте желдей тараган бул видеодогу адам кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон.

Окуя чуу жараткандан кийин бир топ маданият өкүлдөрү нааразылык билдиришкен. Ушундан кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү менен Рузахунов камактан бошотулуп, өлкөгө кайтарылган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жараат алганын тастыкташкан.

23-24-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда “Джаз-Бишкек-Жаз” (Джаз-Бишкек-Весна) аталышындагы XVII эл аралык фестивалы өттү. Фестивалдын аткаруучу директору, музыкант Викрам Рузахунов бул күндөрү Казакстандагы окуядан кийин биринчи жолу чоң концерт алдында чыкты.

Учурда музыкант укук коргоочулар менен иштешип, материалдык жана моралдык чыгым үчүн Казакстандан кенемте талап кылып жаткан кези.

Төкмө акындын кармалышы

Январь айында маданият ишмерлеринин камакка алынышы чуу жараткан жалгыз окуя эмес. Ушул эле айда Кыргызстанда милиция белгилүү төкмө акын Болот Назаровду иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармап, камакка алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын төкмө акын Болот Назаров менен байланышы тууралуу маалымат берген. Ташиев Назаровду маңзат колдонууга айыптап, ага каршы жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөнүн билдирген.

Болот Темиров жана аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев. 23-январь, 2022-жыл.
Болот Темиров жана аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев. 23-январь, 2022-жыл.

22-январда төкмө акын Болот Назаровдун бир кыз менен бөтөлкөдөн бирдеме жыттап жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган.

Ушул эле күнү күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кеткен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Темиров менен Назаров күч органдарынын мындай кадамын өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Ага чейин журналист Темиров Temirov LIVE YouTube-каналында президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев сыяктуу бийлик башындагылардын жакындары жөнүндө иликтөө жарыялап келсе, Назаров чыгармалары аркылуу бийликти сындап жүргөнү менен белгилүү.

Төкмө акын кармалгандан кийин анын бир топ сахналаштары, төкмө акындар нааразылык акцияларын уюштуруп, аны камактан бошотууну талап кылып ырдашкан. Көп өтпөй акын эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошотулган.

Бирок бул окуя Болот Назаровдун коомдук көрүнүштөр тууралуу төккөнүн токтото алган жок. Ал күз айында Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде өткөн нааразылык акциясында бийликти сындап ырдаган.

Кайрадан камак

9-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төкмө акынды Беловодское айылынын тургунунун атын күч менен тартып алган деген шек менен экинчи ирет кармаган.

Болот Назаров 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны эртеси кайра кайтарып бергенин билдирген. Ал ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат.

Өнөр дүйнөсүндө “Чагылган” деген каймана аты бар төкмө акын 2011-жылдары “Айтыш” фондуна тарбиялануучу болуп келип, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев өңдүү өзүнөн улуу муундагы белгилүү акындардан сабак алган. Ошол кездеги алгачкы ийгиликтеринен улам аны 2012-жылы “Жаңы агым” гезити “Жылдын мыкты төкмө акыны" деп тапкан.

Көп күттүргөн кыргыз драма театры

27-мартта үч жылдан бери оңдоп-түзөө иштери бүтпөй жабык турган Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры ишин баштады.

Театрдын жаңы сезону Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган "Төлгө" спектакли менен көрүүчүлөргө эшигин ачты.

"Төлгө" спектакли көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, аншлаг менен өттү. Театр сүйүүчүлөр эгемендик жылдарынан бери мындай көрүнүш сейрек болгонун белгилешти.

Борбордун так ортосунда жайгашкан академиялык драма театры 2019-жылдын күз айларында оңдоп-түзөөгө жабылган. Ал үчүн өкмөт 84 млн. сомдон ашуун каражат бөлгөн.

2021-жылы сентябрь айында театрдын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 44 миллион 722 миң 900 сом бөлүнгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Манаска байланыштуу чыр-чатактар

2022-жыл “Манас” ааламына байланышкан окуяларга да бай болду. Улуттук макамга ээ болгон “Манас” театрына мамлекет тарабынан имарат берилди.

Имарат Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык үй болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган кезде жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн.

“Манас” театрынын кеңсеге ээ болушу менен өлкөдөгү имараты жок театрлардын маселеси кайрадан козголду. Манас театры жыл соңунда көрүүчүлөргө алгачкы спектаклин тартуулады. "Айкөлдүн аманаты" аттуу бул чыгарманы Эл артисти Табылды Актанов сахналаштырды.

Ушул эле жылы Бишкектин четинде жайгашкан “Манас айылы” этнографиялык комплексинин айланасында бир топ резонанстуу окуялар болду.

Окуя комплексти ошол кезде жетектеп турган белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков менен президент Садыр Жапаровдун кайым айтышуусуна чейин өнүктү.

Сыдыков “Манас айылына” тиешелүү жерлерлер мыйзамсыз басып алынып жатканын айтып чыкса, бийлик бул комплекс оңдолуп-түзөлүп, "Манас" театры үчүн жаңы имарат салынарын билдирген.

Акыр-аягы май айынын башында өз өмүрү коркунучта турганын билдирип, манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кетти. Бирок өлкө башчы Жапаров, ошол кездеги Маданият министри Азамат Жаманкулов баштаган чиновниктер манасчыга коркутуу болуп жатканын четке кагышкан. Садыр Жапаров манасчынын бир тал чачы түшпөсүнө кепилдик берип, өлкө кайта берүүсүн сунуштаган.

Бирок манасчы бул окуядан кийин кайтып келе элек. Учурда ал Москва шаарында экени айтылууда.

Журналист Аскер Сакыбаева манасчы Сыдыковдун өлкөсүнөн таарынып чыгып кетиши жалпы өнөр дүйнөсү үчүн чоң сокку деп атаган.

“Ушул эле учурда атактуу манасчы Дөөлөт Сыдыков таарыныч менен өлкөдөн чыгып кеткени – парадокс да. Ушул кейиштүү болуп турат. Бийлик башында жүргөн аткаминерлер, маселен, мамкатчы, маданият министри, президенттин кеңешчилери ушул иштин алдын алышы керек болчу. Элибизде Манас - бийик дүйнө, ыйыктык. Ошол нерсени алып жүргөн адамдын өлкөдөн чыгып кетиши баарыбызга чоң сокку болду”.

Бирок жыл айрым манасчылар үчүн жемиштүү болгонун да айта кетели. Мисалы, манасчы Рыспай Исаков Түркияда өткөн Көчмөндөр оюндарында тынбай манас айтып Гиннестин рекорддор китебине кирди.

Исаковдун ошол жерде манас айтканы кыргыз коомчулугунда ар кандай кабылданды. Айрымдар аны кескин сындаса, айрымдары колдоду, кээ бирлери манасчынын айтуу стилин туурап, юморго айлантышты.

Талаш жараткан "Так мураскери"

“Манаска” байланыштуу талаш-тартыштар соңку эки жыл ичинде тасма талаасында да бир топ кызыды.

Маселен, 2021-жылдын июль айында продюсер Өмүрзак Төлөбеков эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде “Так мураскери” аталышындагы көркөм тасмасын тарта баштап, бул кадамы эл ичинде бир топ кайчы пикирлерди жаратты. Эки жыл ичинде манасчылардын жоон тобу, айрым маданий ишмерлер жана тарыхчылар анын элге тартууланышына каршы пикирин айтып келишти.

Айрымдар “кино талапка жооп бербейт” деген чечимге келип, кээ бир эпизоддорун өзгөртүүнү сунуштаса, дагы башкалары тасманы коомчулукка таптакыр көрсөтпөөнү талап кылышкан.

Бирок канчалык каршы пикирлер айтылганына карабай, 2022-жылдын 24-августунда “Манас” кинотеатрында “Так мураскери” (“Манастын уулу Семетей”) тасмасынын бет ачары өттү. Көркөм тасмага Эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык режиссер Дархан Кожохан режиссерлук кылган. Продюсер Өмүрзак Төлөбеков учурда тарткан тасмасы чет өлкөлөрдө жакшы бааланып жатканын айтып келет.

Кыргыз киносунун ийгилиги демекчи, режиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" аттуу жаңы тасмасы ушул жылы көрүүчүлөргө тартууланды.

Анда Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде жүрүп, мекенине кайтканы тууралуу баяндалат. Тасмадагы баш каарманды Актан Арым Кубат өзү, Кубаттын ролун режиссердун уулу Мирлан Абдыкалыков аткарган.

"Эсимде" декабрь айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Евразия" эл аралык XVI кинофестивалында гран-прини жеңди. Ага чейин Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын калыстар тобунун башкы сыйлыгына татыган. Сыйлык тапшыруу аземи 11-ноябрда Автралияда өткөн.

Кыргызстанда акыркы жылдары сериал жанры да жанданууда. Жыл башында эфирге чыккан "Акыркы сабак" сериалы жаштар арасында популярдуу болду. Сериалда актуалдуу темалар, анын ичинде мектептеги рекетчилик тууралуу баяндалат.

Мааракелер

2022-жылы бир топ мамлекеттик ишмерлердин мааракелери белгиленди.

Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Жазуучунун 28 жашында жазылган “Муздак дубалдар” романы экинчи ирет басылып чыкты.

1969-жылдары бүткөн романга "Советтик саясий идеологияга туура келбейт, сюжети жана композициясы чачкын, идеясы шектүү" деген сындар айтылып, чыгарма жыйырма жылдан ашык автордун сандыгында жаткан. 1990-жылы гана “кайра куруунун” (“перестройка”) шарапаты менен "Адабият" басмасынан китеп болуп чыккан.

Мындан тышкары Кыргызстандын баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 1982-жылы жарык көргөн "Жол" романын кайрадан жарык көрдү. Адабият таануучулар жазуучунун "Көк асаба" баштаган тарыхый романдарын, тил жана улутка байланыштуу макалаларын кайрадан жазып чыгуу зарыл экенин белгилешет.

Эске сала кетсек, ​Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы 23-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунда белгиленген.

Тоо арасында өткөн бул саамалыктар өнөрпоздордун ыр-майрамынан сырткары, бир катар улуттук ат оюндары менен коштолгон.

Мындан тышкары 6-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Босого жайлоосунда акын, казалчы Казыбек Маметемин уулунун (2022-жылдын 16-февралында Жогорку сот тарабынан толук акталды) 120 жылдыгы өттү.

31-августта Кыргызстандын эгемендигине арналган негизги майрамдык иш-чаралар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өттү. Бул күнү майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолду.

Бул мааракелер өтүп жаткан тушта айрым маданият өкүлдөрү ыксыз чыгымдарга алып келген той-аштан көрө атактууларды даңктаган эмгектерге каражат коротууну айтып чыгышкан. Бирок Маданият министрлиги бардык эле мааракелерди мамлекет каржылабай турганын, жеке демөөрчүлөр өткөрүп турарын билдирген. Экоактивисттер болсо жайыт талааларында уюштурулган мындай салтанаттар табиятка олуттуу зыян алып келерин кулак кагыш кылып келишет.

Кыргыз-казакты бириктирген маданият күндөрү

2022-жылдын октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Астана шаарында башталган маданий иш-чарага Кыргызстандан маданият жана илим-билим чөйрөсүндө эмгектенген 300дөй өкүл катышып келди.

26-октябрда башталган саамалыктын алкагында эки өлкөнүн маданий жана илим тармагындагы адистеринин жолугушуусу, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, "Кыргыз киносунун күндөрү" уюштурулду.

Мындай маданий иш-чаралардан кийин боордош эки элдин соңку учурда маданий алакасы жанданганы тууралуу арбын кептер болду.

Казакстандын парламент Мажилисинин депутаты, акын Макпал Тажмагамбетова артта калган түрдүү заман агымында да кыргыз менен казактын маданий алакасы токтоп калбаганын айтып берди:

“Ала-Тоонун эки бетин жайлаган казак менен кыргыз эзелтен өрүштө малы, төшөктө башы кошулган калк. Кыргыз эли менен биздин руханий биримдигибиз ширелишкен. Чокан Валихановдун “Ысык-Көл сапарын” жазуусу, “Манас” эпосун кагазга түшүрүүсү, Токтогул менен Жамбылдын достугу, Айтматов менен Ауэзовдун устат-шакирттик алакасы эки калктын буга чейин эле болуп келген руханий байланышын көрсөтүп турат”.

Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 2021-жылы өтүп, 300дөй өнөр адамы өлкөгө келген.

Маданияттагы жоготуулар

Жалил Садыковдун чыгармасынын негизинде кайра иштелип чыккан «Төлгө» спектакли. 28-март, 2022-жыл.
Жалил Садыковдун чыгармасынын негизинде кайра иштелип чыккан «Төлгө» спектакли. 28-март, 2022-жыл.

2022-жылы маданият чөйрөсү бир топ таланттарынан айрылды. 3-апрелде Кыргыз эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү катары таанылган акын "Тоо күндөрү", "Жылдыздуу түндөр", "Отузунчу станция", "Аэропанорама", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" жана башка ондогон ыр жыйнактарынын, "Улуу дайра", "Мухитке жол" жана башка очерк, аңгеме, повесть жыйнактарынын автору.

Омор Султанов Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасын, "Манас" эпосунун миң жыл" медалын алган. Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын ээси, "Манас" ордени жана башка бир катар сыйлыктардын ээси болгон.

Султановду кыргыз журтчулугу жоктоп, өксүп турган чагында 4-апрелде Эл артисти, театр жана кино актёру Марат Алышпаев узакка созулган оорудан улам 75 жашында акка моюн сунду.

Эки алп талант менен коштошуу зыйнаты бир күндө, 5-апрелде өтүп, сөөктөрү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Алышпаев өмүрүнүн соңку жылдары Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.

Классикалык чыгармалардан Шекспирдин атактуу “Гамлет” трагедиясында Гамлеттин, "Король Лир", "Ричард III" чыгармаларында башкы каармандарды, Гоголдун "Текшерүүчү" драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. 2021-жылы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” тасмасында башкы ролду аткарган.

20-майда көгүлтүр экрандын көркү болгон белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 72 жашында дүйнөдөн кайтты.

Улуттук каналда дээрлик 50 жылдай эмгектенген Мамытов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Даңк" медалынын ээси. Ал Улуттук телерадиоберүү корпорациясындагы “Арноо концертинин” алып баруучусу катары коомчулукка таанылган.

2022-жылы алгылыктуу мээнети менен маданиятка, адабиятка кызмат өтөгөн айрым жаш өмүрлөр да жалп өчтү. Октябрь айынын соңунда “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү, жаш акын Кадырбек Аблабеков кан оорусунуан улам 23-октябрда 24 жашында акка моюн сунса, белгилүү эстрада ырчысы Бекжан Темирхан 10-ноябрда жол кырсыгынан каза тапты.

17-декабрда белгилүү театр жана кино актёру, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев 44 жашында боор оорусунан улам өмүрдөн өткөнү күйөрмандарынын көңүлүн эңшерди.

Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.

Жыл жаңырарда кыргыз айтыш өнөрү да жоготууга учурап, 20-декабрда төкмө акын Курсант Нурматов 49 жашында оорунун айынан акка моюн сунду. Нурматов соңку бир жылдан бери Улуттук “Манас” театрында эмгектенип жаткан.

Кыргызда айдын жарымы караңгы болсо, жарымы жарык деген сөз бар эмеспи. Кыргыз маданиятынын ишмерлери бир жагынан жоготуулардан кабыргасы кайышып турса, бир жагынан көңүлү жылыган окуя да болду. Алсак, 29-декабрда президент Садыр Жапаров маданий жана коомдук ишмерлерге бир катар мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG