Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Музыкант Рузахунов Казакстандан кенемте талап кылууну көздөп жатат


Викрам Рузиев.
Викрам Рузиев.

Кыргызстандык музыкант, Казакстандагы Январь окуяларында сабалган Викрам Рузахунов кылмыш ишинде кыйноо фактылары аныкталган учурда кенемте талап кылат. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил «Азаттыкка» маалымдады.

Анын айтымында, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалганына байланыштуу алардын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти тергөө убактылуу токтотулду. Адвокат кыйноого күнөөлүүлөр аныкталып жатканын, жакын арада материалдык жана моралдык чыгым үчүн кенемте талап кылышарын кабарлады.

Рузахунов жабырлануучу катары сентябрь айынын соңунда Алматыга барып көрсөтмө берген. Ал Инстаграмдагы баракчасына Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барып сурак бергенин, аны полиция жана аскер кызматкерлери кыйнаган жерлерди көрсөтүп, ур-токмокко кабылган окуяны баштан-аяк баяндаганын жазган.

Быйыл январда Алматыда Рузахуновдун кармалып, катуу токмоктолгон видеосу Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жараат алганын тастыкташкан.

Июль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырган. Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG