Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Бишкекте Илья Терентьевдин үй музейи ачылды


Министрлик тараткан сүрөт.
Министрлик тараткан сүрөт.

Бишкек шаарындагы тарыхый объектилердин бири болгон Илья Терентьевдин үй музейи оңдолуп, ачылды.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баш болгон жетекчилер катышты. Министр көп жылдан бери каралбай калган объектини оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон ишкер Аскар Салымбековго ыраазычылык билдирди.

Министрлик музей кандай шартта иштей турганы жана канча каражат чыгымдалганы жөнүндө маалымат берген жок.

Быйыл жайында эркин журналист Ыдырыс Исаков тарыхый үйдүн урандысын көрсөтүп, ишкер Салымбековду сындаган берүү чыгарган.

Терентьевдин үйүнүн жанында “Дордой” ассоциациясынын спорт комплекси жайгашкан. Ал турак жай XIX-XX кылымдагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналат. Тарыхый-маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Илья Терентьев 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган. Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектептер жана гимназиялар, жеке темир устаканалар, наабайканалар, соода дүкөндөрү ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаарда биринчи жолу эл каттоо өткөн. Кара-Жыгач токою, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген. (TSh)

XS
SM
MD
LG