Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Кыргыз драма театры койгон спектакль Казакстанда көрсөтүлөт


Кыргыз драма театры.
Кыргыз драма театры.

Кыргыз улуттук академиялык драма театры койгон Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизиндеги “Енлик-Кебек” спектакли Казакстандын Кызыл-Ордо, Түркстан, Чымкент, Тараз аймактарында гастролдук турне менен болот. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны ТҮРКСОЙ уюму казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата уюштурмакчы.

Раев ушул күндөрү иш сапар менен Казакстанда жүргөнүн, анда иш-чараны уюштуруу маселеси талкууланганын айтты. Турненин качан болору такталган жок.

Кыргызстандын Эл жазуучусу Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп быйыл 31-мартта дайындалган. Ага чейин бул кызматты Казакстандын мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аткарып келген.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму өз ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ЮНЕСКО жана ИСЕСКО уюмдары менен кызматташат.

Мындан тышкары ТҮРКСОЙ көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG