Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Президент коомдук жана маданият ишмерлерине сыйлык тапшырды


Кайыргүл Сартбаева сыйлык тапшыруу аземинде. 29-декабрь, 2022-жыл
Кайыргүл Сартбаева сыйлык тапшыруу аземинде. 29-декабрь, 2022-жыл

Президент Садыр Жапаров бир катар коомдук ишмерлерге, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 29-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы Асанкадыр Советжанга, Зарылбек Молдобакировго, Нурмамбет Полотовго ыйгарылды.

II даражадагы “Манас” ордени менен режиссер, сценарист Геннадий Базаров, Владимир Плоских, III даражадагы “Манас” ордени менен Жолдошбек Алышүкүров, Арзыбек Бедияров, Балтахун Нурунбетов сыйланды.

“Курманжан Датка” ордени Кайыргүл Сартбаевага, "Данакер" ордени Назирбек Бөрүбаевге, Роза Жумаевага, Гүлсара Өмүралиевага, Чолпон Султанбековага жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилди.

“Кыргыз Республикасынын эл акыны” наамын Тынчтыкбек Нурманбетов алды.

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы Абдиламит Матисаковго, Бекен Назаралиевге ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы менен Курманбек Абдувалиев, Гүлмира Жолдошева, Съезбек Искеналиев, Урматбек Усенов жана башкалар сыйланды.

Мындан сырткары Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бир катар мамлекеттик кызматкерлерге да сыйлык тапшырган. "Даңк" медалын алгандардын арасында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да бар.

Президенттик администрациянын, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиевге, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жана Надира Нарматовага “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилди.

Президенттин жарлыгы менен финансы министри Алмаз Бакетаев “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” наамын алды. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев илимге кошкон салымы үчүн сыйланды.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG