Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

"Газпром" 2000-жылдан бери негизги рынокторго минималдуу газ жөнөттү


Орусиянын "Газпром" компаниясы 2022-жылы негизги рынокторго 101 миллиард куб метрге жакын газ экспорттоду. Бул тууралуу шаршемби күнү компаниянын жетекчиси Алексей Миллер билдирди.

Reuters бул 2000-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч экенин жазды.

Быйылкы жылы чет өлкөгө күйүүчү май ташуу былтыркыга салыштырмалуу 46% кыскарды. Былтыр "Газпром" негизги рынокторго 185 миллиард куб метр газ экспорттогон. 2000-жылдан бери бул көрсөткүч жылына 120 миллиард куб метрден түшкөн эмес.

"Газпромдун" газ өндүрүүсү 412,6 млрд. куб метрди түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% төмөн жана 2008-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Июль айында "Газпром" "Түндүк Агым" кууру аркылуу Европага ташылып жаткан жүктөрдү кыскарта баштаган. Сентябрь айында анын иши токтотулган.

Сентябрдын аягында "Түндүк Агым 1дин" эки кууру жана "Түндүк Агым 2нин" түтүктөрүнүн бири да иштен чыккан. Мунун себептерин Германия, Дания жана Швеция иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG