Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Косово Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөөлүн жапты


Косоводо чек арада тартылган сүрөт.
Косоводо чек арада тартылган сүрөт.

Жарым-жартылай таанылган Косово бийлиги Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөөлүн жапты.

Бул чечим Приштинадагы этникалык сербдер менен өкмөт ортосундагы тирешүүнүн курчушуна байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

Косовонун чыгыш чек арасындагы Мердаре өткөөлү жүк ташуучу унаалар жана тракторлор менен тосулганын маалымат каражаттары жазышты.

Косовонун түндүгүндөгү кырдаал декабрдын башында "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин курчуп кеткен. Косово өкмөтү бул чыңалуунун басаңдатуу үчүн 28-декабрда Пантичти бошотконун жарыялады, муну анын адвокаты "Азаттыкка" тастыктап, үй камагында экенин билдирди.

Мурдараак 600дөй серб өкүлү бийлик органдарынан кетип калган. Муну менен алар Косово өкмөтүнүн Сербиянын жаңы автоунаа номурларын тааныбоо чечимине нааразылык көрсөтүшкөн.

Акыркы жагдайлардан улам кошуна Сербия армиясын күжүрмөн даярдыкка келтирди.

Югославиянын мурдагы автономиялуу провинциясы, негизинен албандар жашаган Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. 1999-жылдан бери анын аймагы Сербиянын көзөмөлүндө эмес жана БУУнун протекторатында. НАТОнун бомбалоосунун натыйжасында серб аскерлери Косово аймагынан чыгарылып кеткен. Бомбалоонун максаты "аймактагы албан калкын геноцидден куткаруу" деп айтылган.

Косовонун көз карандысыздыгын БУУга мүчө 100дөй мамлекет тааныган, бирок Сербия, Орусия, Кытай жана Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG