Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Италиядагы эл аралык көргөзмөгө катышып келишти


Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Италияда өткөн эл аралык көргөзмө-жарманкеге катышып келишти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна алардын сапарын уюштурууга көмөктөшкөн Швейцария өкмөтү каржылаган Эл аралык соода борборунун Глобалдык кездеме токуу жана тигүүчүлүк программасынан кабарлашты.

26-жолу уюштурулган, Европадагы белгилүү иш-чаралардын бирине айланган L’Artigiano in Fiera көргөзмөсү Милан шаарында өттү. Ага Кыргызстандан кол өнөрчүлөрдүн "Дайры" деп аталган ассоциациясы, «Сайма» көркөм тобу, «Асель Абдыкадырова» ишканасы жана «Жаңыланды» кол өнөрчүлөр кооперативи катышты.

Алар өндүргөн продукциясын дүңүнөн сатуу боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, байланыштарды түзө алышты. Сардиния аралынын, Сауд Арабиясынын, Швейцариянын, Голландиянын өкүлдөрү менен кызматташуу тууралуу макулдашууларга жетишишти.

1996-жылы негизделген L’Artigiano in Fiera көргөзмөсү кол өнөрчүлөргө эл аралык деңгээлде колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Ага жыл сайын жүзгө жакын өлкөдөн 3 миңдей кол өнөрчү, 1 миллиондой конок катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG