Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтү мыкты деп табылды


Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы менен президент Садыр Жапаров.
Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы менен президент Садыр Жапаров.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Кыргызстандагы “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланганын билдирди. Сертификаттарды 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров тапшырды.

Жеңүүчү айыл өкмөттөрүн тандоо эки топко бөлүнүп каралган. Биринчи орунга 1,5 миллион, экинчиге 1 миллион, ал эми үчүнчү орунга 500 миң сом ыйгарылды.

Биринчи топто өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жайгашкан төмөнкү айыл өкмөттөр бар:

  • I орун - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү;
  • II орун - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү;
  • III орун - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү.

Экинчи топтогу айыл өкмөттөрү боюнча:

  • I орун - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү;
  • II орун - Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтү;
  • III орун - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү.

Быйыл бюджетте аймактарды өнүктүрүү боюнча фонддорду түзүү маселеси коюлганын каржы министри Алмаз Бакетаев июлда билдирген. Ошонун негизинде облус, район жана райондук деңгээлдеги шаарларга тиешелүү фонддор түзүлгөн. Быйылкы жылга бюджеттен жалпысынан 2,1 миллиард сом ушул фонддорго каралып жатканы кабарланган.

Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG