Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Өзбекстан: “Док-1 Макс” окуясынан улам министр ата-энелерден кечирим сурады


Өзбекстандын "Тез жардам" машинеси.
Өзбекстандын "Тез жардам" машинеси.

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Бехзод Мусаев “Док-1 Макс” дарысын ичкенден кийин каза болгон 18 баланын ата-энесине көңүл айтып, медицина кызматкерлери алардын өмүрүн сактап кала албаганы үчүн кечирим сурады.

Мамлекеттик коопсуздук кызматы Quramax medical ишканасынын жана "Дары-дармектерди стандартташтыруу илимий борборунун" жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирди. Бир канча киши убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жакында Өзбекстанда “Док-1 Макс” дарысын ичкен 21 бала курч респиратордук оору менен бейтапканага жаткырылган, алардын 18и чарчап калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө дарыдан уулуу этиленгликол заты табылды.

Балдардын өлүмүн өз учурунда анализдей албаганы жана тиешелүү чара көрбөгөнү үчүн жети аткаминер кызматтан алынып, бир нече адис тартип жазасына тартылган.

“Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынды.

Индиялык Marion Biotech Pvt компаниясы чыгарган "Док-1 Макс" дарысы парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG