Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:18

Орусиялыктарга Түркияда жашаганга уруксат берилбей калганы кабарланды


Түркияга туристтик максатта келип, жашаганга уруксат алууну каалаган орусиялыктардын арыздары 26-декабрдан тарта четке кагыла баштады. Бул тууралуу Vpost басылмасы күбөлөргө таянып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Түркияга келип, биринчи жолку ижара келишиминин негизинде жашаганга уруксат алууну көздөгөн орусиялыктарга документ берилбейт. Алар 10 күндүн ичинде Түркиядан чыгып кетиши керек.

Мыйзам боюнча орусиялыктар Түркияда 60 күн визасыз жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, Түркияга барган украиналыктарга мекенинде согуш аяктаганга чейин убактылуу жашоого уруксат берүү уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG