Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Сауд Арабиясында өзбекстандык зыяратчылар кырсыкка кабылды


Сауд Арабиясы. Жиддадан Меккеге бараткан жол.
Сауд Арабиясы. Жиддадан Меккеге бараткан жол.

Сауд Арабиясындагы Жидда-Медина жолунда өзбекстандык зыяратчылар бараткан автобус кырсыкка кабылып, 10 киши жабыркады. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги окуя 27-декабрда болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, "Аль-Афаж" транспорттук компаниясына таандык Mercedes-Benz автобусунун айдоочусу үргүлөп кеткен.

Кырсыктан жабыркагандарга Мединанын жанындагы ооруканада алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калгандары Мединадагы мейманканага жайгаштырылган. Автобуста жалпысынан Өзбекстандын 50 жараны болгон.

Абалды Өзбекстандын Жиддадагы башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG