Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдердин аялдарды чектеген чечимин айыптады


Ооганстандык аял. Кабул. 25-декабрь, 2022-жыл.
Ооганстандык аял. Кабул. 25-декабрь, 2022-жыл.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандагы талибдердин бийлигин аялдардын укуктарын сактоого чакырып, кыз-келиндердин университеттерде билим алышына жана гуманитардык жардам топторунда иштешине тыюу салынганын айыптады.

15 мүчөдөн турган кеңештин 27-декабрдагы билдирүүсүндө Ооганстанда кыздардын билим алышына тыюу салуу - “адам укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоо үчүн күчөгөн эрозия сыяктуу” деп айтылат.

БУУ Баш катчысы Антониу Гутерриш коомдук турмуштан кыз-келиндерди четтетүү ооган элинин дараметине азап жана сокку ура турганын Твиттерге жазды.

Талибдердин админстрациясы 24-декабрда исламдык дресс-код эрежесинен улам бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге жумушка чыкпоого буйрук берген. Ал оогандык аялдарга гана тиешелүүбү же ал жакта иш жүргүзгөн чет элдик айымдар да баш ийиши керекпи, азырынча белгисиз.

Талибдердин жаңы эрежеси миллиондогон адам бейөкмөт уюмдар аркылуу эл аралык донорлордон келген гуманитардык жардамга көз каранды болуп турган учурга туш келди.

Жаңы эрежеге макул болбогон бир катар чет элдик гуманитардык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токтотконун жарыялашты.

Буга чейин Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салган. Мектептерде да кыздардын билим алуусу чектелген. Буга нааразылыгын билдирген кыз-келиндер жүрүшкө чыгып, каршылык көрсөтүп келатышат.

2021-жылдын жайында катаал исламчыл “Талибан” кыймылы бийликке келген. Бул кыймыл Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, сот анын ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG