Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Сотто эсин жоготкон Нарматованын абалы боюнча маалымат берилди


Орозайым Нарматова. 2022-жылдын 27-декабры.
Орозайым Нарматова. 2022-жылдын 27-декабры.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган мурдагы депутат Орозайым Нарматованын абалы канааттандырарлык экенин 28-декабрда “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан (ЖАМК) кабарлашты.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал тергөө абагында кармалууда, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда бөгөт чарасы каралып жатканда Нарматованын абалы сот залында начарлап, ал кулап түшкөн. Конвой аны залдан көтөрүп чыгып, сот жараяны 28-декабрга которулган. Нарматованы "Тез жардам" алып кеткен.

Мурдагы депутаттын темир тор ичинде кулап калган видеосу Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкуу жараткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды кийинки жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырылды.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG