Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Өзбекстанда "Док-1 Макс"дарысынан уулуу зат табылды


Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө алып келген “Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылды. Бул тууралуу 27-декабрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Текшерүүдө аныкталгандай, “Док-1 Макс” дарысын ичкен 21 бала курч респиратордук оору менен ооруканага жаткырылган, алардын 18и чарчап калган.

Балдардын өлүмүн өз учурунда анализдей албаганы жана тиешелүү чара көрбөгөнү үчүн жети аткаминер кызматтан алынды. Дагы бир нече адис дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Топтолгон бардык документтер кылмыш ишин козгоо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

“Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынды.

Индиялык Marion Biotech Pvt компаниясы чыгарган "Док-1 Макс" дарысы парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG