Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Айзаданын өлүмү: Адвокат шектүү милиция кызматкерлеринин иши боюнча сотко кайрылды


Айзада Канатбекова. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.
Айзада Канатбекова. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине козголгон иштин тергелиши боюнча маселе сотто каралмай болду. Бул тууралуу бүгүн 28-декабрда “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Ал тергөө эмне себептен создугуп жатканын билүү үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылганын, бүгүн алгачкы отурум болмогун, бирок эртеңкиге калганын айтууда:

“Бүгүн терөөчү келе албай калды. Иш каякта экенин билбей турганын, ооруп калганын айтты. Судья ишти өзү табарын билдирип, эртеңкиге которду. Айыпталып жаткандардын кээ бирлери жумуштан алынган, бирок алар көбү кайра эле системада калды, иштеп жатышат”.

Токтакуновдун айтымында, ишти Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берген. УКМК ишти тергеп бүтүп, же сотко өткөрүп, же кыскартышы керек, бирок дээрлик эки жылдан бери жыйынтык чыга элек болууда.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмү боюнча иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Окуянын видео далили бар турганына жана күбөлөрдүн кайрылууларына карабастан кыз акыры жардамга жете албай, өлүмгө дуушар болгону үчүн милиция кызматкерлерине карата 8-апрелде “Шалаакылык” деген берене менен иш козголгон. Ички иштер министрлиги 12 кызматкер кызматтан алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG