Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Кемпир-Абад иши: Абактагы ачкачылык акциясы дээрлик токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасынан ачкачылык жарыялагандардын дээрлик баары бул акциясын токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 17 адам болчу, бүгүнкү күнгө карата алардын 16сы ачкачылыгын токтотту. Алар эки аптадай ачкачылык кармады.

Жакындары кечээ кайрылуу таратып, аларды "саясий туткун" деп аташкан жана айрымдарынын абалы канааттандырарлык болсо, кээ бирлериники оорлоп кеткенин, өз алдынча баса албай калганын билдиришкен. Президентке жана башка мамлекеттик органдарга кайрылганы менен майнап чыкпаганын белгилеп, камактагы жакындарын акциясын тез арада токтотууга үндөшкөн, себеби алардын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатканын айтышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды кийинки жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырылды.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG