Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Лейлекте кыргыз-тажик милициясы уурдалган малды алмашты


Раззаков шаары.
Раззаков шаары.

Лейлек районундагы Арка айылына чектеш Тажикстандын Кожент-Канибадам жолунда милиция кызматкерлери уурдалган малды бири-бирине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 28-декабрда билдирди.

Кыргыз тарап үч уй, үч музоону өткөрүп алып, алты баш бодо малды тажик тарапка өткөргөн.

Анда Лейлек менен Бабажон Гафуров райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жолугуп, эки элдин ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктерди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылган. Чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганы маалым болду.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келген. 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандар арасында балдар болгон.

XS
SM
MD
LG