Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Чүйдө өспүрүмдөр арасында калайман мушташ чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй милициясы Панфилов районундагы өспүрүмдөрдүн калайман мушташынын чоо-жайын иликтей баштаганын 28-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, окуя 27-декабрда Кайыңды шаарында болгон.

Аталган шаардын жана Панфиловка айылынын өспүрүм тургундары мушташа кетип, 17 жаштагы бала ур-токмокко кабылып, телефонун алдырып жиберген.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренесинин негизинде каттоого алынды.

Шектүү катары 17-21 жаштагы эркектер кармалганы, алардын арасынан пневматикалык курал табылганы жана бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайына камалганы кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG