Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Германия тажик оппозиционеринин уулун депортациялоону убактылуу токтотту


Абдулло Шамсиддин
Абдулло Шамсиддин

Германия бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Шамсиддин Саидовдун уулун мекенине депортациялоо маселесин кийинкиге жылдырды.

Буга чейин тажик оппозициясы Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддин 13-декабрда Германиядан Тажикстанга жөнөтүлөрүн, ал жакта аны түрмө жана кыйноо күтүп турганын айтып, тынчсызданышкан.

Укук коргоочу Фарход Одинаевдин айтымында, Абдулло Шамсиддиндин адвокатынын кайрылуусу, оппозициянын жана немис кесиптештеринин нааразылыгынан кийин депортация убактылуу токтотулду.

Германия бийлиги азыркыга чейин диний партиянын мүчөсүнүн уулун өлкөдөн чыгаруу маселеси боюнча комментарий бере элек.

Шамсиддин Саидов 13-декабрда "Озоди" радиосуна уулу өз учурунда Германиянын миграция кызматында каттоого турбаганынан депортация маселеси келип чыкканын билдирген.

2018-жылы Хатлон облустук соту Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Шамсиддин Саидовду 15 жылга сырттан соттогон.

Ислам кайра жаралуу партиясы Тажикстанда террористтик уюмдардын катарына 2015-жылы кошулуп, ишмердигине тыюу салынган. Ошондон бери бир катар лидерлери, мүчөлөрү кармалып соттолгон. Эл аралык укук коргоо уюмдары Дүйшөмбүнүн бул аракеттерин айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG