Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

Украинада согуш башталгандан бери 18 миңдей карапайым тургун набыт болду


24-декабрда Херсон шаарындагы аткылоодо 10 жакын тургун каза таап, 60тан ашууну жараат алды. Сүрөт ошол күнү тартылган.
24-декабрда Херсон шаарындагы аткылоодо 10 жакын тургун каза таап, 60тан ашууну жараат алды. Сүрөт ошол күнү тартылган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери 18 миңдей жайкын тургун набыт болгонун билдирди. Арасында 429 бала бар. Эки тарап тең миңдеген аскерлерин жоготту.

Орус армиясы Украинанын чыгышында чабуулдардын күчөтүп, Херсон, Днепропетровск шаарларында жайкын тургундарга сокку урууда.

Украин армиясынын 28-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада орус тарап 33 жолу артиллериялык, бир жолу ракеталык чабуул коюшту.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Валентин Резниченконун айтымында, аймактагы карапайым эл жашаган үйлөр жана күн батареялары талкаланган.

Президент Владимир Зеленский ушул тапта Украинада тогуз миллион адам электр жарыгысыз күн кечирип жатканын билдирди.

Бир күн мурун украин кошуундары Донбасс фронтунун айланасындагы орус турумдарына сокку урган. Август айынан бери Донецк облусундагы өндүрүштүк шаар саналган Бахмут үчүн айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.

Reuters агенттиги орус президентинин администрация башчысынын биринчи орунбасары Сергей Кириенко Украинанын түштүгүндө орус күчтөрү көзөмөлдөп турганын Запорожье АЭСине барганын 28-декабрда жазды. Ал жакта Орусия дайындаган аткаминерлерден менен станциядагы коопсуздукту талкуулаганы айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG