Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

ӨКМ тик учак жана өрт өчүрүүчү 140 автоунаа алынарын билдирди


Бообек Ажикеев.
Бообек Ажикеев.

Кыргызстан эки долбоордун алкагында Ми-8МТВ тик учагын жана өрт өчүрүүчү 140 автоунаа алат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, тик учактын баасы 12 млн. доллар, өрт өчүрүүчү унаалардын орточо баасы 120 миң доллар.

"Бүгүнкү күндө эки ири долбоор ишке ашууда. Бул 140 өрт өчүрүүчү унаалар, орточо баасы 120 миң доллар жана жаңы Ми-8МТВ тик учагы, орточо баасы 12 млн. доллар. Бул кайтарылгыс гранттын эсебенен Кыргызстанга келиши күтүлүүдө", - деди министр.

Министр унаалар жана тик учак кайсы долбоордун алкагында келе турганын тактаган жок.

Быйыл август айында да ӨКМ Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак сатып алган. Тик учактардын баасы канча экени тууралуу маалымат берилген эмес. Жакында Орусиядан МИ-8 МТВ тик учагы гранттык негизде келери күтүлүп жатканын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирген.

Август айына чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнүн тик учагы жок болгон. 2004 жана 2007-жылдары эки тик учак Нарында альпинисттерди куткаруу иши учурунда аварияга кабылган.

Акыркы тик учактын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2011-жылы колдонуудан алып салынган. Андан кийин тоо-таштардагы куткаруу иштерин Коргоо министрлигинин тик учактарын жалдап аткарып келди.

2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө Казакстандын тик учагы тартылган.

23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келингени белгилүү болгон. Атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшүп, ал “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG