Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Президент аткаминерлерди ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырды.

"Айрым атка минерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым кылган фактылар бар. Ысырапкорчулук боюнча элден талап кылардан мурда ушул жерде отурган, биздин администрацияда, министрликте, облус, район, айыл өкмөттө иштеген чиновниктер өздөрү үлгү болуш керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып алып, дүңгүрөтө той беребиз. Анан бири-бирибизди көрүп, карапайым калк дагы чөнтөгүндө акчасы жок болсо дагы намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип кетип жатат. Ошондуктан өзүбүз аларга үлгү болушубуз керек. Ысырапкорчулукка каршы иштеңиздер, көзөмөлгө алыңыздар. Сөз жүзүндө айтып коюп, иш жүзүндө кылбаган эң жоопкерчиликсиз маселе", - деди Жапаров.

Быйыл 24-февралда президент “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.

Ага улай президент бул жарлык боюнча Фейсбук баракчасында комментарий берип, өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG