Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Орусияда пенсионер жубайлар аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Москва облусунун Подольск шаарында пенсионер жубайлар жергиликтүү аскер комиссариатынын имаратын өрттөөгө аракет кылышты. Бул тууралуу "Свобода" радиосу "Подъем" Telegram каналынан алынган маалыматка таянып билдирди.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы киши аскер комиссариатына бензин куюлган канистр менен келип, чүпүрөктү бензинге чылап, терезеге коюп өрттөп жиберген. Аны 76 жаштагы жубайы видеого тартып турган.

Окуя болгон жерден пенсионерлер кармалып, өрт өчүрүлгөн.

Орусия февралда Украинага басып кирип, сентябрда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин буга нааразы тургундар бир катар аймактардагы аскер комиссариаттарына жана административдик имараттарга чабуул коюшкан.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскердик комиссариаттарды өрттөө аракети теракт катары каралып, күнөөлүүлөр 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG