Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Кемпир-Абад иши: Шаардык сот Нарматованы абакта калтырды


Орозайым Нарматова, сот залында. 27-декабрь, 2022-жыл
Орозайым Нарматова, сот залында. 27-декабрь, 2022-жыл

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованы үй камагына чыгаруу боюнча апелляциялык арызды канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи Май райондук соту ушул иш боюнча кармалган 20дан ашуун кишини келерки жылдын февраль айынын ортосуна чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

27-декабрда бөгөт чарасы каралып жатканда Нарматованын абалы начарлап, кулап түшкөн. Конвой аны залдан көтөрүп чыгып, сот жараяны 28-декабрга которулган. Нарматованы "Тез жардам" алып кеткен.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы анын абалы канааттандырарлык экенин 28-декабрда “Азаттык” радиосуна кабарлап, азыр тергөө абагында отурганын, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирди.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы шаардык сотто 26-27-декабрда каралып, бардыгы камакта калтырылды.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алардын 17си нааразылык иретинде 13-декабрдан бери ачкачылык кармашты. Бүгүнкү күнгө карата 16сы ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткону маалымдалды.

Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар алардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жакында "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG