Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Рысбай Исаков: Негизсиз сындар көңүлүмдү оорутту


Рысбай Исаков.
Рысбай Исаков.

Түркиянын Бурса шаарында 21-28-сентябрь аралыгында өткөн "Манас жумалыгында" манасчы Рысбай Исаков 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталды.

Жумалык жыйынтыктала электе анын "Манас" айтып жаткан учурунун айрым үзүндүлөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, талаш пикирлерди жараткан. Айрымдары манасчыны “эпосту бурмалап жатат” деп айыптаса, кээ бирлери аны колдоого алган.

“Азаттык” мындан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков менен маек курду.

– Гиннестин рекорддор китебине катталышыңыз менен куттуктайм! Жумалыктын жүрүшү, уюштуруу иштери кандай болду?

– Рахмат. Жумалыкка Кыргызстандан жети манасчы катыштык. Алар: Улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси Замир Баялиев, театрдын жетекчиси Азиз Биймырза уулу, Камил Мамадалиев, Улан Исмаилов, Самат Көчөрбаев, Нурбек Талантбеков жана мен. Ал эми Казакстандан Баянгали Алимжанов, Түркиядан Осмон Шахин баштаган манасчылар да катышты.

Бул жумалык, биринчиден, IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында, экинчиден, Бурса шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталгандыктан уюштурулду. Үчүнчүдөн, кыргыздардын тарыхына тиешеси бар Изник шаары бул жерден алыс эмес экен. Анан калса түрк дүйнөсүнүн түптөлүшү Бурсадан башталат экен. Мына ошондуктан “Манас жумалыгы" дал ушул шаарда уюштурулду.

– Соңку күндөрү сиздин "Манас" айтып жаткан учуруңуздун айрым үзүндүлөрү желдей тарап, коомчулукта түрдүү талкууга жем таштады. Айрымдары сизди колдоого алса, дагы кимдир бирөөлөр айыптап жатат. Ушул көрүнүш боюнча эмне айта аласыз?

– Чуу жараткан тасма тууралуу сөз кылсам, чынында, мага айтылган терс пикирлер көңүлүмө өтө оор тийди. Көпчүлүк манас айтып жатканымдын баш-аягын билбей эле кыскартылып, тарап жаткан видеолорду көрүп, баштан-аяк ушундай айтыптыр деп түшүнүп алышты окшойт. Анан абалды таразалабай туруп эле ур-тепкиге алышканын көргөндө, бир топ нерселерге акыл калчап алууга туура келет экен. Атайын кыскартылган видеолорду кимдер, эмне себептен таратып жатат, аларды тактап, жооп бергим келген. Бирок “теңелбей эле коёюнчу, андан көрө жакында барганымда кандай айтканымды ирети менен бардыгын чыгара баштайм, ошодо канча, кандай айттым, эл өзү таразалап алсын” деген ойдо турам. Үзүндү-кыркындыларды, монтажды-шантажды эмес, эпосту айтканымды толук көрүп анан баалашсын.

Сындын айтылып турганы жакшы. Бирок ошол сындар негиздүү болушу керек. Башкысы сын абалды, кырдаалды эске алуу менен болушу керек. Анткени Манас дүйнөсү эбегейсиз. “Жаңылбайм” деген киши ошол замат жаңылбайм деген жаагынан эле жаңылып калат. “Мен гана билем” деген киши текеберликке алдырат. Биз эмес улуу манасчылар Сагымбай, Саякбай аталарыбыз да минтип өйдө сүйлөгөн эмес. Саякбай атабыз дагы эпос тууралуу: “Ой, абаңардын жомогу чытырман токой экен, андан адашсам адашып калгандырмын” деген жери бар. Улуулуктун улуулугу ушунда да. Анан Сагымбай, Саякбайлар адашкан болсо, биз адашпас ким болуп калабыз? Дал ошол манасчы адашкан жерден элдин улуулугу оң жолго салып турушу керек.

– Мурунку доордогу манасчылардын да күндөп-түндөп күрпүлдөп "Манас" айткандары эл ичинде айтылып жүрөт. Эл ушул учурда алар менен бүгүнкү учурдун манасчыларын салыштырып жатат. Дегеле, манасчылар узакка баянын айтканда тыным алуу жол-жоболору коомчулукка да кызык болсо керек...

– Манасчылардын манас айтуу эрежеси албетте башка, ал эми бул жерде Гиннестин эрежеси гана болуп жатат да. Гиннестин эрежеси боюнча бир саатка беш мүнөт тыныгуу убактысы берилет. Ошондо 24 сааттын ичинде эки саат убакыт тыныгууга аласың. Ал ичип-жегенге, уктаганга жана башка нерселер үчүн берилет. Аны кандай пайдаланасың өз эркиң. Ал эми манасчыларда мындай эреже жок. Мурдатан эле чаалыккан жерде токтоп, муктаждыгын аткарып алып келип, кайра баянын улантып айта берген.

Бурса шаарында өткөн "Манас жумалыгы".
Бурса шаарында өткөн "Манас жумалыгы".

– Буга чейин белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков да эки ирет узак убакыт “Манас” айтып, Гиннеске кирүүгө аракет жасады. Айрым тарыхчылар, маданият ишмерлери “Манас” эпосун “Гиннеске сыйдыруу мүмкүн болбогон нерсе” дегендей пикир жазып жатпайбы. Бүгүнкү күндө Гиннеске эпосту узак айтып кирүүнүн зарылдыгы канчалык эле?

– “Эмне үчүн Гиннестин шартына макул болду, неге “Манасты” мынча кыйналып узакка айтып жатат” деген өңдүү суроолорго жообум: Болгону ар ким канчалык узак мөөнөткө чыдай алам деп, өз дараметин сынап көрүүдө. Мен да дараметимди сынап көргөнүм – менин жеке чечимим. Аны жалпыга жарыя кылып, элди ызы-чууга салган жокмун. Өзүм бардым, өзүм айттым. Түркиядагы “Манас” айтканымды жада калса аягына чейин деле элге чыгармак эмеспиз. Себеби өзүбүздө дарамет жетеби-жетпейби деген да суроолор болот да. Ошондуктан “Манас” айтуумду жарнама кылуу кажети жок деп ойлогом. Ал эми элдин “рекордду кантип жасады, каяктан жасады” деген талабы башка маселе. Биздин видеобайкоого тартылып баян айтып жатканыбыз Лондондогу, Анталиядагы Гиннестин комиссиясы үчүн гана болгон.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордо мен “Манас” айтып отуруп Нурбек, Дастан деген балдарды сөзүмө кошуп кеткенимди айрымдар сындап, “эпосту минтип айтууга мүмкүн эмес” дегендер, мындай кепти өздөрү “Манасты” түшүнбөгөндүктөн айтып жатышат. Бул, биринчиден, кырдаалга жараша болуп аткан нерсе экендигин эстен чыгарбаш керек. Гиннестин шарты боюнча мен айтып жаткан баянымды токтотуп, жанымдагыларга кайрылып бир нерсе айтууга болбойт эле. Экинчиден, Сагымбай баш болгон манасчылардын табиятында буга окшогон мисалдар толтура.

“Айткан акын Сагымбай,

Танып барат эсинен.

Жазган молдо Ыбырай,

Жаш акты эки көзүнөн”, - деп жатат. Мындай учурларды санай берсек дагы көп.

"Манасты" Гиннес сыйдыруу мүмкүн эмес, тескерисинче, Гиннести "Манаска" сыйдырыш керек деген да көз караштар бар. Албетте, алардыкы да туура. Кайталап айтарым, биз болгону өз дараметибизди сынадык. Экинчиден, “Манасты” кандай жол менен болсо да кадырына доо кетпегидей кылып даңазалай берсе болот. “Гиннеске эмнелердин гана баары кирген жок” деп жатпайлыбы. Ошол эле “Манас” катталган ЮНЕСКОго дагы Гиннестегидей эле нерселер катталган. Ал менен деле сыймыктанып жүрбөйбүзбү. Дүйнөгө мындай таанымал нерселерге эпосту жайылта бергендин эч зыяны жок деп ойлойм.

– “Манасты” дүйнө элине жайылтуунун дагы кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?

– "Манасты" дүйнө элине жайылтуунун эң заманбап жолу бул – анимациялык тасмаларды жакшылап иштеп чыгып, көбөйтүү керек. Ошондо Манас дүйнөсүн балдар да кабылдай алат.

2022-жылы Түркиянын Бурса шаары "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган. Аталган шаарда 21-сентябрда башталган "Манас жумалыгы" 28-сентябрда жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Түркиядан 14 манасчы катышты. Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган.
  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG