Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

"Манасты" таанытуу керек, бирок...


Манасчылар эл аралык Интерньюс уюму уюштурган долбоордо. Архивдик сүрөт.
Манасчылар эл аралык Интерньюс уюму уюштурган долбоордо. Архивдик сүрөт.

Сузактагы үрөй учурган кырсыктан кийин социалдык тармактарда "Манас" эпосун жаш муунга кантип жайылтуу керектиги тууралуу талкуу күчөдү.

Айрым интернет колдонуучулар жапырт "Манас" айтуу иш-чараларын токтотуу керектигин айтышса, дагы башкалары жогорудагы каргаша эпосту мындай жол менен даңазалоодон баш тартууга себеп болбошу керек деп эсептейт. Кээ бирөөлөр балдарды түрдүү иш-чараларга тарткандан көрө "Манас" эпосун мектептерде окутууну күчөтүү керектигин жазууда.

"Манасты билбей калган учурлар болду"

Бишкектин Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Чолпон Ишеналиева мурда Сокулуктагы Фрунзе №1 орто мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Ал ошол кезде бир топ жыл мектеп ийриминдеги окуучуларга "Манас" таануу сабагын да өткөрүп келген.

Ишеналиева "Манас" таануунун мектепте өтүлө баштаган тарыхына токтолуп, түйшүктүү жылдарын мындайча эскерди:

Чолпон Ишеналиева.
Чолпон Ишеналиева.

"Мектептерде сабактар “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы башталгандан кийин жанданган. Аталган долбоор 2010-жылы күзүндө башталса, мен 2011-жылы мектептеги ийримде “Манас” боюнча сабак өтө баштадым. Бул учурда чындыгында эпос боюнча китептер табылбай, өтө кыйналганбыз. Айылдардан илгери ата-апаларыбыз окуган Сагымбай, Саякбай манасчылардын эски китептерин сураштырып жүрүп чогулттук. Бирин тапсак, дагы бирин табуу кыйын эле. Академиялык басылыштан Орозбаковдун китептерин таба албай убара тартканбыз. Анан Бактыбек Максүтовдун “Манас баяны”, Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” китептери менен даярданчубуз. 8-класстардын адабият китебинде эпос боюнча Бектур Исаков мыкты багыт берген. Мына ушул эмгектер бизге чоң көмөк болду. Советбек Байгазиевдин “Манас таануу” деген атайын программасы, анан жука китепчелери бар, ошолорду да ийримде көп пайдаландым. Планымды да ушул эмгектин негизинде түзүп, сабак өтчүмүн. Анан интеллектуалдык таймаштын арты менен кийин жакшы китептерге жеттик. Долбоор баштала электе Манастын ким экенин балдар билбей калган учурлар да болгон".

Ишеналиева 2016-жылы “Манас” эпосу боюнча кроссворддор жыйнагын жана эпос боюнча сабактардын иштелмелерин чыгарган.

Чолпон Ишеналиеванын китептери. Коллаж.
Чолпон Ишеналиеванын китептери. Коллаж.

Бул китептер эпоско кызыккандарга, окуучу, мугалим жана студенттерге арналган. Мугалимдин айтымында, ага бара-бара суроо талап көбөйгөндүктөн, жыл сайын миң нускадан чыгып келе жатат.

"Бир сабак аздык кылат"

"Манас" эпосунан кыскача үзүндүлөр орто мектептердин кыргыз адабияты китебине киргизилгени менен, "Манас таануу" сабагы өзүнчө предмет катары окутулбайт. Бирок ийрим катары бир саат бөлүп берген мектептер бар. Алар да аз. "Манас таанууну" ийрим кылып алган мектептер ага орто эсеп менен жылына 34 саат бөлөт.

Ошол эле маалда "Манас таануу" боюнча өлкөдө атайын бирдиктүү методикалык китептер болбогондуктан, кыргыз тилчи жана адабиятчы мугалимдер өздөрү каалагандай сабак өтө берет.

Балдар жазуучусу Аман Карымшаков учурда борбордогу №84 жана 86-мектептерде иштейт. Анын мектепте "Манас таануу" боюнча ийрими менен катар "Манас жана улуттук нарк" деген автордук сабагы бар. Карымшаков мектепте “Манасты” кандай окутуп жатканын кеп кылып, аптасына эпоско бөлүнгөн бир саат өтө аздык кылып жатканын айтты:

Аман Карымшаков.
Аман Карымшаков.

“86-мектепте "Манас жана улуттук нарк" деген сабакты 5-жана 8-класстын окуучуларына берем. 5-класстарга эки жыл өтүп жүрүп, быйыл тапшырдым. Азыр 8-класстарга өтүп жатам. Президенттин нарк тууралуу жарлыгы чыккандан кийин сабакка атайын улуттук наркты кошком. Бул предмет боюнча колдонмо катары жазган 3-4 китебим бар. Анан окуу китебин да түзүп койдум. Окуучуларга жалпы улуттук маданияттан сырткары “Манас” эпосундагы кыргыз элинин азыркы мезгилдеги маданиятын, салтын, наркын окутуп жатам. Ушул сабактарды өлкө боюнча жайылтуу керек. Негизи бир сабак жумасына аздык кылат, эки саат өтүлсө туура болмок. Ал эми "Манас таануу" ийрими мектептерде ставкага жараша болот. 0,5 ставка болсо, 10 саат сабак өтүлүшү керек. Ар бир сабак жарым сааттан эсептелет. “Манас таануу” ийримине эпоско 5-класстан жогорку кызыккан балдар келет. Аларга "Манас" айтканды үйрөтөм. Сагымбай, Саякбай манасчылардын вариантын окутам. Көбүнчө практикалык сабак болот. 84-мектепте ондон ашык, 86-мектепте 20дан ашык окуучум бар”.

Аман Карымшаковдун "Манас" эпосу тууралуу балдарга арнап жазган китептеринин бири.
Аман Карымшаковдун "Манас" эпосу тууралуу балдарга арнап жазган китептеринин бири.

Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын башчысы, манасчы Талантаалы Бакчиев өзү жетектеген мекеме “Манас” эпосун мектептерде предмет катары окутуу боюнча быйыл жыл башында Билим берүү жана илим министрлигине сунуш бергенин айтууда:

Талантаалы Бакчиев.
Талантаалы Бакчиев.

“Менин оюмча, "Манас таануу" сабагы мектептерге сөзсүз киргизилиши керек. Жок дегенде адабият сабагынын алкагында канча бир саат бөлүнүшү керек. Азыркы берилип жаткан бир саат чынында эле аздык кылат. Эгерде биз келечек муунубузду "Манаска" жакындаталы десек, албетте, мектептен, алтургай бала бакчадан "Манас таануу" сабагын окутушубуз керек. Бул боюнча биз Билим берүү жана илим министрлигине ушул жылдын башында сунушубузду бергенбиз. Андан сырткары Манас, Семетей, Сейтек уюмдарын жалпы өлкөдөгү мектептерде түзүү боюнча дагы сунуш бергенбиз. Азыр күтүп жатабыз. Мекеме учурда билим берүү тармагында реформа жүрүп жатат, сунуш каралат деп жооп берген”.

"Бардык балдарды манасчы кыла албайбыз"

Ошол эле маалда Бакчиев "Манас таануу" десе эле окуучуларга "Манас" айтканды үйрөтүп жаткан мугалимдерди сынга алды:

“Предметтин өзүнүн аты "Манас таануу" деп турат. Демек "Манасты" таанытуу аракети гана жүрүшү керек. Максат балдарды сөзсүз манасчы кылуу эмес. Манасчылык - жеке адамга бериле турган өнөр. Комузчулук же кол өнөрчүлүк сыяктуу эле жеке адамдын таланты. Кээ бир мектепте "Манас" айтууну үйрөтүп жатыптыр. "Манас" айтуучу, мүмкүн, жогорку окуу жайларда же кайсы бир манасчынын кол алдында тарбияланышы керек. Илгери Чоңбаштын мектеби, Тыныбектин, Чоюкенин мектеби болгон. Мектептерде эпостун сюжетин гана окутуш керек. Анын методикасы, окуу куралдары билим берүү академиясы министрликтин алдындагы иштелип чыгышы шарт”.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев атайын методикалык китептер табылбаганы менен, электрондук колдонмо китептер иштелип чыкканын, Манас, Семетей, Сейтек уюмдары бардык мектептерде түзүлгөнүн айтууда:

"Мугалимдер сабактарды ошол электрондук колдонмолор жана өздөрүнүн пландары боюнча өтүшөт. Алар негизинен "Манастын" мазмунун окуп-үйрөнүүгө багытталган. “Манас” биздин элдин эң чоң эпопеясы болгондуктан, жалпы талкуудан өтүп, өкмөт бекитип берсе, предмет катары кирип калмак. Ийрим катары гана өтүлгөндүктөн, "Манас таануу" сабагы азыр кыргыз тили жана адабиятчы мугалимдерге эле жүктөлгөн. Ошентсе да мектептердеги окуу-тарбия иштеринде Манас, Семетей, Сейтек уюмдары иштейт. Бул бардык мектептерде уюштурулган. Булар окуу процесстерине, тарбия иштерине активдүү катышат”.

"Адистер даяр эмес"

Ал эми “Манас” эпосун жайылтуу багытында активдүү иш жүргүзгөн манасчы, Улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков бул аргасыздын иши дейт. Анын айтымында, "Манас таануу" сабагын өтүүчү атайын адистер жетишсиз жана аларды, программаны даярдоо бир топ убакытты талап кылат:

"Алмаз Бейшеналиев экинчи ирет министр болгондо чоң саясий ката кетирди. Гуманитардык илимдерди да тандоо менен окута турган система киргизип койду. Тандоону окуу жайдын өзүнө калтырды. Бул "Манас таануу" окуу жайда бир семестр милдеттүү окутулбай калды деген кеп. Ошондой эле окуу жайда бул сабакты философу, тарыхчысы, тилчиси деле бере берет, “Манас жок” деп окуткан көп мугалимдерди да билем. Анан бир ирет Билим берүү министрлигинде "Манас таануу" сааты киргизилсин деген чоң комиссиянын жыйынында жумушчу топтун мүчөсү катары каршы болгом. Себеби окуу жайдагыдай мүмкүнчүлүк мектепте түзүлүп калса, адис даяр эмес. Программа, усулдук колдонмо даяр эмес, нак ошондо боткосун чыгарабыз. "Манас таанууну" мектептерде предмет катары окутуу үчүн алгач адистерди окутуп, бирдиктүү программа жана китептерди даярдашыбыз керек. Бирок буга бери дегенде беш жыл убакыт керек”.

"Манас" таануучу Курманбек Абакиров бул мурдатан келе жаткан талаштуу маселе экенин айтты:

Курманбек Абакиров.
Курманбек Абакиров.

“Манас таанууну окутуу иши көптөн бери эле талаш-тартыштын объектсиси болуп келе жатпайбы. Бирок заманга жараша мамиле кылыш керек го. Манасты окутуу өзүнчө маселе. Ал үчүн өзүнчө концепция иштелип чыгышы керек. Эгерде окутууга сааттар бөлүнсө, ошол сааттардын көлөмүнө, окуучулардын жаш курагына жараша эпостун бөлүмдөрүн ылайыктап окутуш керек. Эми жогорку окууу жайларында деле ректор алмашкан сайын же билим берүү тармагына жаңы министр келген сайын “Манас” талашка түшүп калат. Муну менен катар кыргыз тили адабияты да өгөйлөнүп калган учурлар болот. Аларга бөлүнгөн бир аз саатты башка предметтерге берип койсо эле укмуш адистер чыкчудай болушат. Андыктан муну туруктуу жолго салуу керек. Азыр жогорку окуу жайларда "Манас" болгону 32 саат өтүлүп жатат. Кээ бир университеттерде мындан да кыскартылган деп жүрүшөт. Бир эле семестрде өтүлөт".

2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жараат алган. Алардын ичинен абалы оор 10 бала Бишкек шаарына жеткирилип, төртөө жанданыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бул кырсыктан кийин өлкөдө балдарды массалык иш-чараларга тартууда коопсуздук чаралары сакталбаганы ачуу сынга кабылды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG