Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

"Балдар билимден аксайт". Сузактагы окуя окуучулардын укугун эске салды


Сузактагы окуядан кийин ооруканага барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев балдардын абалы менен таанышууда. 3-май, 2024-жыл. (Сүрөт Камчыбек Ташиевдин Фейсбук баракчасынан алынды)
Сузактагы окуядан кийин ооруканага барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев балдардын абалы менен таанышууда. 3-май, 2024-жыл. (Сүрөт Камчыбек Ташиевдин Фейсбук баракчасынан алынды)

Сузактагы кырсыктан кийин Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары тартылган массалык иш-чараларды токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Бул окуя окуучуларды ар кандай массалык иш- чараларга тартуунун өзү канчалык туура деген суроону козгоп, коомчулукта курч талкуулар жүрүүдө. Айрымдар каникулга карабай балдарды чогултуп алганды айыптаса, коопсуздукка көңүл бурулбаганын сынга алгандар болууда. Ошол эле маалда буга ар кандай боёк сүртпөөгө чакырып, күтүүсүз кырсык катары карагандар да бар.

Постсоветтик мейкиндикте балдарды расмий иш- чараларга тартуу канчалык жайылган жана коопсуздук маселесине көңүл бурулабы?

Сузактагы "Манас айтуу" фестивалындагы окуучулар кабылган кырсыктан кийин коомчулукта балдарды массалык иш - чараларга тартуу адаты курч талкууларга жем таштады. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучулардын жапырт “Манас” айтуу иш-чарасы токтотулганын билдирди. Ошол эле маалда, массалык маданий жана коомдук иш-чараларга мектеп окуучуларын тартууда коопсуздук маселеси күчөтүлбөсө, уруксат берилбей турганын кошумчалады.

"Кандай гана мамлекеттик чоң иш-чара болбосун, биз дайым өткөрүп келгенбиз. Мына, жакында эле Бишкек шаарынын күнү белгиленип жатат. Балдарсыз өтпөйт. Мындан ары дагы ар бир бала катышкан иш-чараларды, ансыз деле керек болсо мектептерди ачканда балдарды массалык ишке тартпоону, сиз билесиз күндөн эси ооп жыгылган мезгилдер болгон, такыр тыюу салынган. Эми азыр бардык жерде балдар катышкан иш-чараларды токтоттук. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына дагы дайыма айтып келебиз. Балдарды негизсиз массалык иш-чарага тартууда сөзсүз түрдө коопсуздугун камсыз кылуу жагын дагы иштешибиз керек. Мындан ары бардык массалык иш-чараларга балдарды тартууга сергектик менен карап, коопсуздук маселесин биринчи иретке койбосо, мындан ары Билим берүү министрлиги эч кимге уруксат бербейт”.

Министрдин айтымында, 19-апрелден тарта бүткүл Кыргызстан боюнча “Манас” эпосун даңазалоо, кыргыз улутунун мурастык баалуулуктарын калыптандыруу, эл биримдигин, мекенчилдикти жана улуттун өзгөчөлүгүн даңазалаган ири фестиваль өтүп жаткан. Иш-чараны өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Анын негизинде "Манас" улуттук академиясы демилге көтөрүп, иш-чараны Билим берүү министрлиги менен биргеликте өткөрүп жаткан.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө 3 млн сомдук байге коюлган. Акция ар бир район-шаарларда өтүп, аларга миңдеген окуучулар катышкан жана “Манас” эпосун жапырт айтып жарышкан.

Сузактагы кырсыктан кийин окуучуларды коюп кеткен автоунаанын айдоочусу ошол эле күнү камакка алынганы белгилүү болду. Кендирбаева кырсык болгон иш-чаранын уюштуруучуларынын жоопкерчилиги каралып, анын ичинде мектеп мугалимдери менен коопсуздук жагын уюштурган адамдардын иши дыкат текшерилерин айтууда.

3-май күнү Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматынан четтетилгени кабарланды. Ошол эле маалда коомчулукта буга түз тапшырма бергендердин жоопкерчилиги каралабы деп суроо салгандар болууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев иш-чараны уюштуруучулардын шалаакылыгынын айынан балдардын коопсуздук маселеси жакшы уюштурулбаганын билдирүүдө. Ал уюштуруу ишиндеги аткаруучу жетекчилер жоопко тартыларын айтты:

“Бул ошол жергиликтүү бийлик органдарынын, “Манасты” уюштургандардын чоң шалаакылыгы деп эсептейм жана бул үчүн жоопкерчилик болуш керек. Кырсыкты бир күн ичинде биздин укук коргоо органдары, коопсуздук органдары жана прокуратура чогуу изилдеп чыктык. Бул ошол жерде коопсуздук сакталбаган шалаакылык деп эсептелинет. Ошол эле мезгилде уюштуруу иштеринде, балдардын коопсуздугун сактоодо өтө көп кемчиликтер кеткен. Ошол коопсуздук маселесин бузган жергиликтүү бийликтин жетекчилерин, же болбосо борбордук органдын жетекчилерин – кимиси болбосун, сөзсүз иликтеп, жоопко тартабыз”.

"Иш-чараларда жүргөн окуучунун билими үзгүлтүккө учурайт"

Билим берүү боюнча илимдин доктору, профессор Дүйшөн Шаматов мугалим менен окуучу үчүн эң башкысы окуу процесси экенин айтат. Ал үзгүлтүккө учураса билим берүүнүн сапаты начарлап кетерин белгилейт

“Мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдө, өзгөчө Борбор Азияда мектептерди ар кандай иш-чараларга милдеттүү түрдө аралаштырып, мисалы шайлоо болобу, референдум болобу же болбосо борбордон келген кандайдыр бир аткаминердин иш-чарасы болобу – мектеп окуучуларын, мугалимдерди катыштыруу адат болуп калган. Мунун себеби, мектептин мугалимдери маянасын бюджеттин эсебинен алып, кандайдыр даражада мектептин мугалимдери системанын жумушчусу, системанын аткаруучусу катары гана көрүнүп калган, тилекке каршы. Жадагалса окуучулар дагы сабакты таштап коюп, ошол күнү күтүп алуучу, массалык иш-чаранын катышуучулары болуп беришет. Анын эсебинен, окуу программасында болгон материал абдан тездик түрдө, үстүртөн окутула баштайт. Бардык темалар тез-тез окутулуп, көп нерсени окуучулар түшүнбөй калат экен”.

Адис айткандай эле, Кыргызстанда мектеп окуучуларын массалык маданий жана коомдук иш-чараларга тарткан адат кеңири жайылган. Борбордон келген үлкөн аткаминерлерди тосуу үчүн ысык аптапта, тоңголокто же жаан-чачында узак убакыт кезерип турган окуучулардын алсырап жыгылган учурлары да катталып келүүдө.

"Авторитардык өлкөлөрдө окуучуларды "массовкага" тартышат"

Казакстандагы Назарбаев университетинин айрым эксперттери Борбор Азиянын мектептериндеги окуу процессинин ар түркүн себептер менен үзгүлтүккө учурашынын айынан окуучу канча убактысын бекер короторун эсептеп чыгышкан. Маселен, Борбор Азияда мектеп окуучулары бир жылда 170 күндөй окушат. Бирок иш жүзүндө, аба ырайы, массалык иш-чараларга тартуу сыяктуу ар кандай себептер менен ал 160 күнгө чейин кыскарып кетет. Ал эми билим берүүсү мыкты өлкөлөрдө жылына 185 күн окушат. Ортодогу айырма болжол менен 25 күн же бир ай деп эсептелет. Аны окуучу толук билим алган 11 жылга көбөйткөндө, Борбор Азиянын окуучулары иш жүзүндө өнүккөн өлкөлөргө караганда бир жыл аз окуп калган болот.

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков мектеп окуучуларын массалык иш-чараларга тартууну авторитардык өлкөлөрдө кеңири колдонулган тажрыйба катары сыпаттайт.

“Бүгүнкү күндө биз өзү менен өзү бактылуу жашаган, өзү менен дагы, башкалар менен дагы, табият менен дагы тил табышкан, бир канча элдин, табияттын сырларын түшүнө билген жана келечекке багытталган адамды тарбиялашыбыз керек. Биздин негизги идеологиябыз заманбап адамды тарбиялаш керек. Ал эми окуучуларды массалык иш-чараларга тартуу кайсы бир авторитардык өлкөлөргө мүнөздүү нерсе. Бүгүнкү күндө окуучуларды социалдаштыруунун бирден-бир жолу – бул аларды өз кызыкчылыгына, өз багыттарына карата умтулууга үйрөтүү. Кээ бирде массалык иш-чараларда жогорудан түшүрүлүп, ушундай нерсе болуп атпайбы”.

2-май күнү Сузак районунун Катмы жайлоосунда “Урааным Манас” деп аталган кыроо-сынак өтүп, ага райондун мектептеринен 3 миң окуучу катышып жаткан. Иш-чара учурунда жогору чыгып барган “Хундай Портер” автоунаасы от алып, топтолгон элди аралап коюп кеткен. Кырсыктан 30дан ашык окуучу жабыркаган. Алардын ичинен 18и ооруканага жаткырылып, бешөө оор абалда экени кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG