Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Юристтер коому: Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүүнүн долбоору негизсиз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы «Юристтер коому» деп аталган уюм парламенттин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт.

Юристтер коому ушундай мазмунда кайрылуу таратып, мыйзам чыгаруучу органды «Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзамды коомдук талкуусуз дароо үч окууда кабыл алууну сунуш кылууда, мыйзамдарды одоно бузууда» деп айыптады жана демилгени чакыртып алууну сунуш кылды.

«ЖК депутаттарынын эсине сала кетебиз: Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат, бул мыйзамдар бүткүл элдин кызыкчылыгында кабыл алынарын билдирет. Бул мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын катышуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган бардык жол-жоболорду кыйшаюусуз сактоону талап кылат», деп жазылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунун референдумга тиешеси жок.

«Ал жерде Жогорку Кеңештин регламентине киргизилчү өзгөртүүлөр турат. Референдум азыркы иштеп жаткан мыйзам менен өтөт. Бирок референдум өткөндөн кийин Конституцияга шайкеш келе турган мыйзамдарды тезирээк өткөрүүгө Жогорку Кеңешке механизм киргизилип жатат. Ал эми референдум 11-апрелде болот. Эки жолу референдум болот. Бүткүл Кыргызстан боюнча талкуу болду. Биринчи референдумда президенттик башкарууну тандашты. Эми Конституция кабыл алынат. Ошого шайкеш келтириш үчүн гана мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүп, убактысын кыскартып койсокпу деген мыйзам долбоору. Аягына чейин мыйзамды окубай эле эптеп сөгүш керек болуп калды», - деди Жапаров.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө») мыйзам долбоору 20-январда коомдук талкууга коюлган. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков жана Үмбеталы Кыдыралиев демилгечи болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG