Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Шайлоого көз салган үч уюм Баш мыйзамдын долбоору боюнча сын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шайлоо жараяндарына көз салып келе жаткан бир нече уюм Конституциянын жаңы долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирип чыгышты. “Жалпы иш”, “Эгль” жана “Таза шайлоо” уюмдары 16-февралда жарыялаган биргелешкен билдирүүсүндө парламенттин сайтына талкууга чыгарылган долбоордо Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) курамына оппозиция өкүлдөрүн катыштыруу тууралуу норма кирбей калганы белгиленген.

Кайрылуу менен чыккан юристтердин айтымында, Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорунда Жогорку Кеңеш БШК мүчөлөрүнүн жарымын да өзү, экинчи жарымын да президенттин сунушу боюнча өзү шайлайт деп жазылган.

Азыркы Конституция боюнча Жогорку Кеңеш БШК мүчөлөрүнүн үчтөн бирин президенттин, кийинки үчтөн бирин парламенттик көпчүлүктүн жана калган үчтөн бирин парламенттик оппозициянын сунушу боюнча шайлайт.

Кайрылуу менен чыккан үч уюм Боршайкомдун курамын түзүүдө анда оппозициялык азчылык жана жарандык сектор өкүлдөрүнүн катышуусу маанилүү экенин белгилешти.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген. (RK)

XS
SM
MD
LG