Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Бирмада "эң кандуу күндөн" кийин да нааразылык акциялары уланууда


Аскердик хунтага каршы акция. Бирма, 1-март 2021-жыл
Аскердик хунтага каршы акция. Бирма, 1-март 2021-жыл

4-мартта Бирмада (Мьянма) бир күн мурдагы акцияларда өмүрү кыйылгандарды жерге беришти. Чогулгандар революциячыл ырларды аткарышып, аскердик төңкөрүшкө каршы ураандарды чакырышты.

Шаршембиде аскердик хунтага каршы акцияларда кеминде 38 адам өлтүрүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал күнү аскерлер чогулган элге эч эскертүүсүз эле ок ата баштаган. Интернетке тараган видеолордон полиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, согуштук жана желим окторду колдонгонун, көчөдө жаткан сөөктөрдү көрүүгө болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун чабарманы 3-мартты Бирмада аскердик төңкөрүш болгондон берки “эң кандуу күн” деп мүнөздөдү.

Батыш өлкөлөрү Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекеттин армиясынын аракеттерин кескин айыптады. Полициянын зомбулугуна карабай Бирманын шаарларында хунтага каршы акциялар бейшемби күнү да уланды.

1-февралда Бирманын армиясы шайлоо аркылуу бийликке келген өкмөттү кулатып, өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини жана анын башка партиялаштарын камакка алган. Натыйжада дээрлик он жылдан кийин бийлик кайра армиянын колуна өткөн.

Аскердик хунта ноябрь айындагы шайлоо “бурмаланганы үчүн” бул кадамга барганын билдирген. Бирок мындай дооматтарын бышыктоочу далилдерди көрсөтө алган эмес. Ноябрдагы парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин “Демократия үчүн улуттук лига” аттуу партиясы чоң жеңишке жетишкен болчу.

Үй камагына алынганы кабарланган 75 жаштагы Су Чжи соңку аскердик төңкөрүштөн бери эл көзүнө көрүнө элек болчу. Ал бул аптанын башында видео байланыш аркылуу сотко катышты. 1-марттагы соттук териштирүүдө ага дагы эки айып тагылды.

XS
SM
MD
LG