Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Бирмада аскерлердин огунан 80ден ашык киши набыт болду


Бирмадагы нааразылык чаралары маалында. Янгон шаары. 2021-жылдын 10-марты.
Бирмадагы нааразылык чаралары маалында. Янгон шаары. 2021-жылдын 10-марты.

Бирмада аскерлердин огунан 80ден ашык демонстрант мерт болду. Өлкөдөгү Баго шаарында 9-апрелде орун алган окуя тууралуу ишембиде гана тагыраак белгилүү болду. Анда аскердик хунтага каршы чыккан демонстранттарга коопсуздук күчтөрү ырайымсыздык менен ок ачкан.

Бирмадагы "Саясий туткундарга көмөктөшүү" деп аталган уюм аскерлердин огунан мерт болгон демонстранттар мындан да көп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Анткени аскерлер каза болгон демонстранттардын сөөгүн дароо унааларга жүктөп кетишкен.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Бирмада быйыл 1-февралда аскерлер жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган.

Ошондон бери өлкөдө аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция жайкын тургундардын тынч нааразылык жыйындарына каршы ок жаадырып жатат. Соңку эсептер боюнча, нааразылыкка чыккан 700дөн ашык киши коопсуздук күчтөрүнүн огунан набыт болду.

Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр, эл аралык уюмдар аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG