Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Садыр Жапаров: "Кытайдан айрымдар мекенине кайтып келе алган жок"


Кытайдагы уйгурларды колдоо акциясы. Түркия. Стамбул, 2020-жыл.
Кытайдагы уйгурларды колдоо акциясы. Түркия. Стамбул, 2020-жыл.

Өткөн жумада Орусиядан чыккан бир катар гезиттер Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Москвага жасаган сапары тууралуу жазышты. Акыркы күндөрдөгү дүйнө басылмаларына баянды сунуштайбыз.

«Коммерсантъ» 26-февралдагы санында кыргыз делегациясы эки күндүк сапардан куру кетпегенин, Москва товарларды маркировка кылчу системаны түзүү үчүн 623 миллион рубль бөлгөнүн маалымдады. Андан тышкары орусиялык инвесторлор бир катар долбоорлорго тартылары, бул Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмүн эске алганда өтө маанилүү экенин, бийлик насыяларды кайтаруу мөөнөтү өтүп кетсе, ири өнөр жай объекттердин үстүнөн көзөмөлдү колдон чыгарып жиберүү коркунучу бар деп моюнга алганын баяндайт.

Макаланын авторлору эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө бир топ жагымдуу сөздөр айтылганын жазды. Анын себеби деп былтыр октябрда Кыргызстандагы окуяларды Москва «башаламандык» катары баалап келгенин эске салды. Эми Борбор Азиядагы бул мамлекеттеги абал андай мүнөздөлбөй калганы менен Владимир Путин "кырдаал толугу менен турукташты" деп, сыягы, эсептебейт, деген пикирди окуса болот. Гезит орус президентинин «Ички саясий кырдаалды нормалдаштырасыз деп үмүттөнөбүз», - деген тариздеги сөзүнө шилтеме кылат.

Макалада ошондой эле Кыргызстандагы конституциялык реформа, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ишине байланышкан жагдайлар, пандемиянын экономикага таасири тууралуу сөз болот.

«Российская газета» кыргыз президентинин көлөмдүү интервьюсун 26-февралда жарыялады. «Түпкүлүгүндө биз эркин элбиз» деп аталган маегинде Жапаров миграция, орус тили, коррупция менен күрөш , экономикалык реформалар жөнүндө айтып берген.

Кабарчынын «кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылдыңыз беле?» деген суроосуна Жапаров чоң атасы 1916-жылкы кайгылуу окуялар маалында Кытайга кетүүгө аргасыз болгонун айтып, үй-бүлөсүнүн ошондон кийинки таржымалын баяндап берген. «Кытайдын аймагында этностук кыргыздар көп. Менин чоң чоң атам көчүп барган жерде кыргыздар көп болчу. Атам кытайча сүйлөчү эмес, араб арибинде кыргызча жазчу. Азыркыга чейин Кытайда миңдеген кыргыздар жашайт, айрымдары ошол бойдон мекенине кайтып келе алган жок», - деп айтып берген Садыр Жапаров.

"Deutsche Welle" Кытайдагы «кайра тарбиялоо» лагерлерине түшүп калбайлы деп Түркияга башын качырган эки уйгурдун таржымалын баяндаган. Стамбулдун уйгур жамааты отурукташкан Зейтинбурну районунда жашаган 32 жаштагы Абдүшүкүр Шинжаңда такай куугунтукка кабылып келгенин, намаз окугандыгы үчүн эле лагерлерге айдашканын айтып берген.

Үй-бүлөсү үчүн коркуп Түркияга качууну чечкен Абдүшүкүр беш жылдан бери апасы менен бир эле жолу сүйлөшө алганын айтат. Атасынын бир жыл мурун өлгөнүн кабарлаган энеси, куугунтуктан чочулап, экинчи телефон чалбоону суранган экен. Ошондон кийин мекени менен байланыш үзүлгөн. Абдүшүкүр Кытайдагы уйгурларды басмырлоого каршы онлайн акцияларга катышып жатканын да айтып берген. Бул үчүн аны түрк бийлиги эки жолу кармаптыр. Анын түрк паспорту жок болгондуктан, Кытайга артка жөнөтүшөт деп коркот.

Беш баланыын атасы, 31 жаштагы Өмер Фарук Түркияга 2016-жылы көчүп келген. Кичинекей эки кызынынын паспорттору жок болгондуктан качып баратканда аларды Кытайда калтырууга туура келген. Кыздарын кийин туугандары учакка салып жиберишмек экен, бирок эки бир тууганын кытай полициясы кармап кетип, кайненесин «тарбиялоочу лагерге» айдашкан. Кыздары эмне болгонун түрк жарандыгын алган Фарук азыркыга чейин билбейт. Кытай бийлиги эч кандай маалымат бербей келатат, - деп бөлүшкөн арманы менен шинжаңдык уйгур.

Эл аралык укук коргоо уюмдарынын баамында Кытай «кесипке үйрөтүүчү борборлор» деп атаган ошондой лагерлерде бир нече миллион киши отурат. "Deutsche Welle" Түркиянын жарандыгын ала элек уйгурлар Анкара менен Бээжин экстрадиция тууралуу келишимди ратификацияласа, аларды артка айдашат деп тынчсызданышканын жазат.

"Eurasianet" 23-февралдагы макаласында Тажикстанда былтыр 1990-жылдардагы жарандык согуштан бери, а балким куралдуу жаңжалды санаганда да, эң көп киши өлгөнүн жазды. Өлкө бийлиги бул көрүнүштүн коронавируска тиешеси жоктугун айтып келет.

Улуттук статистика агенттигинин журналисттердин колуна тийген документтерине караганда, Тажикстанда өткөн жылы 41 миң 743 киши жарыкчылык менен кош айтышкан. Бул 2019-жыл менен салыштырганда 8 миң 649 кишиге көп. Ал эми 2015-1019-жылдар аралыгындагы жылдык орточо көрсөткүчтөн 26% арбын.

Андан ары макалада тажик өкмөтү көпкө чейин COVID-19 илдетине кабылгандарды жаап-жашырууга аракеттенгени баяндалган. Акыркы расмий маалыматтарга караганда, коронавирустан кошуна өлкөдө 90 бейтап көз жумду. 9 миллион 300 миң калкы бар Тажикстанда 13 миң 300 киши вирусту жугузуп алган. Автор пандемияга байланышкан жалган маалымат таратуу үчүн бир миң доллар айып пул салуу чечими кабыл алынганын да эске салат. Бийлик өлүм-житимдин көп болгонун башка себептерге: рак дартына, жүрөк оорусуна, сасык-тумоого байланыштырат.

Макала Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 кризисинин масштабын "азайтып көргөзүү өнөкөтү бар" деп жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG