Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Опера жана балет театры Ленин ордендүү деп аталмай болду


Опера жана балет театрынын имараты. Бишкек.
Опера жана балет театрынын имараты. Бишкек.

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги опера жана балет театрынын аталышы боюнча токтом чыгарды.

Эми мекеме Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры деп аталат. Өкмөттүн ырасташынча, токтомго 22-февралда кол коюлду. Ага ылайык, театрдын башкаруу формасы "мамлекеттик мекеме" деп аныкталды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка"документтерде театрдын аталышына мурда эле Ленин ордендүү деген сөз кошулуп келгенин билдирди. Театрдын расмий сайтында да ушундай жазуу бар экенин, ага эл токтомдон кийин көңүл буруп жатканын түшүндүрдү.

Министрликтин билдирүүсүндө, театр 2002-жылы Ленин ордендүү деген аталыш менен Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Өкмөттүн токтому менен мекеменин аталышы жөнгө салынган.

Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры 1937-жылы негизделген. (NT)

XS
SM
MD
LG