Жолго байланган жашоо
Чукул арада өзгөргөн доор 35 жыл мурда эң келечектүү, жумушчулар кайнаган, борбордук бийликтин көңүл чордонунда турган Кара-Көлдү жаштар үчүн келечеги жок, жери тар, жүргүнчүлөрдүн аз гана тыйынына тиричилигин жүргүзгөн шаарга айландырып салды. Бул тасмада биз Кара-Көл шаарынын чектелүү шарттары, өндүрүшү токтогон ишканалардан жумушсуз калгандардын кан жолдогу тиричилиги, дарыяга тор жайып европалык жаңы типтеги балык чарбасын өздөштүргөндөр тууралуу баяндап беребиз.
Чыгарылыштар
-
Июль 27, 2026"Сүйүүмдү Нарындан таптым". Памирлик Салахидиндин сапары
-
Июль 20, 2026Чатыр-Көл: тартылган суу, такырайган жайыт
-
Июль 13, 2026Кара-Жантак: Өзбекстандан өткөн айылдагы турмуш
-
Июнь 27, 2026"Өңүм грек, дилим кыргыз". Таластык гректер
-
Июнь 22, 2026“Аксакалдын көз жашы мени киши кийикке айлантты"