Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

ЮНЕСКО тогуз коргоол оюнун адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине кошту


Тогуз коргоол боюнча Ошто өткөн мелдеш. 2018-жыл.

ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту. 17-декабрда Ямайкада уюмдун өкмөт аралык комитетинин сессиясында ушундай чечим кабыл алынды.

ЮНЕСКОнун сайтындагы маалыматка караганда, тогуз коргоол, тогыз кумалак жана мангала өңдүү салттуу интеллектуалдык элдик оюндарды Кыргызстан, Казакстан жана Түркия чогуу сунуш кылган.

Материалдык эмес мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин жыйыны жылына бир жолу болот. Курамына 24 мамлекеттин өкүлдөрү кирет. Бул жолку беш күндүк сессия 14-декабрда башталган. Тизмеге кошуу үчүн комитетке ар башка мамлекеттерден 32 түрдүү элдик өнөр жана буюмдар сунуш кылынды.

Буга чейин аталган тизмеге кыргыз элинин атынан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги, төкмө акындык өнөр, кийиз өнөрү, калпак тигүү өнөрү, айтыш, көкбөрү ж.б. кирген. (ELB/SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG