Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Мирзиёев үч аткаминерди кечирим суратты


Өзбекстандын Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын кечирим сураган акимдери.
Өзбекстандын Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын кечирим сураган акимдери.

Өзбекстанда президенттин буйругу менен үч облустун башчысы элден кечирип сурады. Алар "эрежеге туура келбейт" деген турак жайларды түрттүрүүдө кемчилик кеткенин мойнуна алышты. Бул жараян жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан соң президент Шавкат Мирзиёев акимдердин ишин сынга алган эле.

Өзбекстандын Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын акимдеринин элден кечирим сураган видеолору 4-август күнү интернетте пайда болду.

Социалдык түйүндөр аркылуу таратылган видеолордо үч аткаминер бир ооздон өздөрү жетектеген аймактарда жергиликтүү жашоочулардын жана ишкерлердин турак жайларын түрттүрүү учурунда кемчилик кеткенин мойнуна алышты.

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Риштан районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда кечирим сурап, райондогу мыйзамсыз түрттүрүү ишине катышы бар 14 жетекчи жумуштан четтетилгенин билдирди. Ал бул маселеде жеке өзүнүн чоң күнөөсү бар экенин белгилеп, мындай катачылык президенттин азыркы саясатчына кедергисин тийгизбеши керек экенин кошумчалады.

Кашкадарыя облусунун акими Зафар Рузиев да элдин нааразылыгына аймактын жетекчилиги күнөөлүү экенин айтты.

"Яккабаг районундагы абалга жүз пайыз облус жана район администрациясы күнөөлүү. Өкмөттөн, мамлекеттен, кадырлуу калктан, урматтуу блогерлерден, журналисттерден, жабыр таркан ишкерлерден жүз жолу, миң жолу кечирим сурайм. Эгер бизге экинчи мүмкүнчүлүк берилсе, мурдагы саясаттан толугу менен баш тартабыз. Биз ар бир жашоочу менен өз-өзүнчө иштейбиз, керек болсо жекече түрдө ар бирине тиешелүү жардам беребиз", - деди Рузиев.

Өзбекстанда "Гүлдөгөн маале" программасынын алкагында бир нече айдан бери ар кыл шаарларда "азыркы стандарттарга жана жергиликтүү планга туура келбейт" делген турак жайлар буздурулуп жаткан.

20-июлда Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда жергиликтүү бир ишкер эки кабаттуу дүкөнүн жана цехин коргоп калуу үчүн райондун жетекчи орун басары Мансур Туймаевге бензин чачып, аны өрттөп жиберүүгө аракет кылганы кабарланган. "Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, ал аткаминер ишкерге кенемте төлөбөстөн, объектти буздурууну көздөгөн.

27-илга караган түнү Хорезм облусунун Үргөнч районунда миңдеген адамдар Үргөнч-Хазарасп жолун тороп, жергиликтүү бийликтен түрттүрүлгөн турак жайлар үчүн кенемте талап кылышкан. Алар 400дөй үй-бүлө бир нече айдан бери чатырларда жашап жатканын билдиришкен. 27-июлда Үргөнчкө премьер-министр Абдулла Арипов барып, эртеси күнү элге компенсация төлөнүп берилген.

Дал ушул Хорезмдин жетекчиси Фарход Эрманов да элден кечирим сурап, мындан ары бардык чечимди калк менен макулдашууга убада берди.

"Биз силердин кыйналып, азап тартышыңарга себепчи болдук. Албетте, мындай шартта мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептейм. Эгер бул иштерди алдын ала пландап, баарын эсептеп, сиздер менен сүйлөшүп туруп аткарганыбызда мындай кырдаалдын алдын алсак болмок", - деди Эрманов.

Шавкат Мирзиёев өкмөттүн видеоселектордук жыйынында, 3-август 2019-жыл.
Шавкат Мирзиёев өкмөттүн видеоселектордук жыйынында, 3-август 2019-жыл.

Бул жетекчилер президент Шавкат Мирзиёевдин 2-августтагы видеоселектордук жыйынынан кийин кечирим сурап отурушат. Анда Мирзиёев эрежеге туура келбеген имараттарды жергиликтүү элдин уруксатын алгандан кийин гана түрттүрүү тапшырмасын бергенин айтып, ишеничтен чыкканы үчүн бир катар акимдерди кескин сынга алган. Ал жогорудагы жетекчилерди "чыккынчы", "уят жоктор" деп атап, алар элден кечирим сурашы керек экенин белгилеген.

"Риштан районундагы түрттүрүү иштерине байланыштуу интернет колдонуучуларынын пикирлерин окудум. Мен силерге "айыл-кыштактарды өнүктүргүлө" деп акча берип жатам. Мына сенин "достугуң", Ганиев мырза! Эл комментарийлеринде тим эле ыйлап жатат. Ал жерде сенин сүрөтүң жок, менин сүрөтүп турат. Сен, уятсыз, Эрманов сыяктуу акмактыкындай буйруктарды бергенсиңер. Мындай түрттүрүү иштерин баштагыча өз башыңды жулуп салбайт белең", - деп өктөм сүйлөгөн Мирзиёев.

Үч облустун жетекчилеринин видео билдирүүлөрүнөн кийин социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде блогерлер турак жайларды мыйзамсыз түрттүрүп, элди мажбурлап иштеткени үчүн башка облустардын жетекчилери да кечирим сурашы керек экенин жазып жатышат.

Ошол эле учурда социалдык желелерде жана форумдарда Мирзиёевдин кадамын саясий спектакль жана популисттик кадам деп атагандар да жок эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG