Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:49

Өкмөт Ташкенттен насыя алууну өөн көрбөйт


Кыргызстан менен Өзбекстандын желеги.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын Бишкектеги жолугушуусунда кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүүнүн чаралары талкууланды.

Расмий Ташкент транспорттук-логистикалык маселеде кыргыз тарап менен өз ара түшүнүшүү табылганын жарыялап, эл аралык темир жана автожол долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү маселесин айтты.

Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстанды колдоо үчүн эки өлкө эгемендигинин тарыхында биринчи жолу 100 миллион доллар насыя бере турганы белгилүү болду.

Эки өлкө ортосундагы чечиле элек маселелер көп экенин белгилеген саясий чөйрөдө кошунадан карыз алуу калпыстык катары кабыл алынууда. Кыргыз өкмөтү бул насыя ишкердикти колдоо үчүн жеке секторго түз бериле турганын жүйө келтирди.

Кытайга кетчү жолдун мааниси

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Бишкектеги жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнүн негизги маселелери талкууланганы белгилүү болду.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун баштоо жана ушул эле багыттагы автожол каттамын оңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө басым жасады:

"Биздин өлкөлөрдүн мындан аркы жаңы транспорттук-логистикалык дараметин өнүктүрүү үчүн биз сиздер менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жараянын батыраак аяктоо боюнча иш алып барып жатабыз. Анжиян-Ош-Эркеч-Там-Кашкар автожолун натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү турат. Бул маселелерде биз кыргыз кесиптештер менен өз ара түшүнүшүп, тил табышканыбызга ыраазычылык билдирем. Транспорттук багытта биз эң жакшы, өз ара пайдалуу чечим алууга жетиштик".

Соода байланыштарынын учуру жана келечеги

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин айтып, соода-экономикалык байланыштар жандана баштаган жагдайды мисал келтирди.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев. 1-август, 2019-жыл.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев. 1-август, 2019-жыл.

Мухаммедкалый Абылгазиев транспорттук-логистикалык тармак өнүксө, чөлкөмдөгү соода-экономикалык байланыштарды андан ары дагы күчөтүүгө өбөлгө түзүлөрүн белгиледи:

"Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштар 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 336 млн. АКШ долларын түзгөнүн белгилеп койгум келет. Бул көрсөткүч 2017-жылдагыга салыштырганда 10 пайызга көп. Быйылкы жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүүнүн деңгээли 165 млн. доллардан ашты. Бул дагы мурдагы жылдарга караганда жакшы көрсөткүч".

Өзбекстан өзүндөгү экономикалык кыйынчылыкка карабастан, эгемендик тарыхында биринчи жолу Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтө турганы белгилүү болду. Ага ылайык, Өзбекстан Кыргызстандагы жүндү жана терини кайра иштетүүчү өндүрүштүк ишканаларга 100 млн. доллар өлчөмүндө насыя берүүгө макулдук берген.

Бул насыялар Кыргызстандын "Айыл банкы" аркылуу жеңилдетилген шартта жана кайтарымы узак мөөнөткө берилиши мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов эки тараптуу жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди.

Кошунадан карыз алуу кооптуубу?

Саясатчы Камчыбек Ташиев кошуна Өзбекстандан насыя алуунун тобокелдигин айтып, аны саясий жактан калпыс чечим катары кабыл алды:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Өзбекстандын 100 млн. доллар өлчөмүндө алынган насыя бул саясий жагынан алганда туура эмес, калпыс чечим болуп калды. Себеби биз Өзбекстан менен чектеш өлкөбүз. Анан дагы эки ортодо чечиле элек көп маселе бар. Чек арабыз такталып бүтө элек. Кошуналар менен ар дайым чек ара чатактары чыгып турат. Мисалы, мындан эки жыл мурда Өзбекстан биздин аймакка чейин кирип келип, Аксыдагы жолду бөгөп, Үңкүр-Тоодогу телемунараны басып алып, бир топтон кийин гана ал жактан кеткен. Мына ушундай жагдайда биз Өзбекстандан насыя алганыбыз биздин сөзүбүздү кемтик кылат. Биздин өкмөт ушунчалык эле мүңкүрөп калган болсо, акчаны башка жактан деле тапса болмок".

Анткен менен экономика министри Санжар Муканбетов Өзбекстан бере турган насыянын шарттары азырынча аныктала электигин айтып, ал үчүн мамлекеттик кепилдик берилбесин белгиледи. Ал Өзбекстан сунуштап жаткан каражат эки тараптуу соода жүгүртүүнү жана инвестицияны колдоого багытталып, жеке өндүрүштүк тармактын өзүнө бериле турганын түшүндүрдү:

"Насыя алуунун шарттары азырынча толук белгилене элек. Быйыл күзүндө, сентябрь айында кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмеси болот. Бул жолу "мына ошонун алкагында каралат" деген сүйлөшүү болду. Мына ошондо гана анын шарттары такталып, бекитилет. Былтыр эки президент сүйлөшкөндө ушундай сунуштар болгон экен. Анда негизинен соода жүгүртүүнүн жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү үчүн жеке секторго - өндүрүштүк тармакка каржылык колдоо көрсөтүү жагы каралган. Бул насыя үчүн мамлекеттик кепилдиктин керек жок. Анткени ал жеке ишкердикке багытталган".

Кыргыз өкмөтү кошунадан насыя алууну өөн көрбөй турганын жана бул өз ара пайдалуу кадимки экономикалык мамиле деген жүйөнү келтирди.

Себеби, буга чейинки өкмөттөр аралык жолугушууда өз ара соода жүгүртүүнү жакынкы келечекте 1 млрд. долларга чейин жогорулатуу тапшырмасы коюлганы мисалга алынды.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Бишкектеги расмий сапарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу маселеси дагы талкууланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (61)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG