Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Өзбекстандагы «башкы прокурорлор парады»


Отабек Муродов.
Отабек Муродов.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен кызматтан бошотулуп, кылмыш иши боюнча камакка алынган мурунку башкы прокурор Отабек Муродов үй камагына чыгарылды.

Өзбекстанда кылмышка кириптер катары камакка алынган мурунку башкы прокурор Отабек Муродов 28-июнда үй камагына чыгарылды. Ал өзүнө коюлган айыптарды моюнга алып, тергөө менен кызматташып жатканы маалымдалууда.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматы боюнча 2-июлда Муродов прокуратуранын мурунку кызматкерлерине карата көрсөтмө берип, кылмыштар үчүн айыпталгандар менен беттештирилген. Күч түзүмдөрүнөн жана прокуратурадан он чакты аткаминер учурда кылмыш ишине кириптер катары сурак берип жатат.

44 жаштагы Отабек Муродов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Паракорлук» беренелери боюнча айыпталууда. Муродов өзү шаардан чыкпоого, Интернет, мобилдик байланыш колдонбоого милдеттендирилген. Жакындары жана мурунку кесиптештери ага мамлекеттик адвокат берилгенин, бирок Муродов аны менен эмгиче жолукпаганын айтышууда.

Муродового кылмыш иштери козголгонун президент Шавкат Мирзиёев өзү 21-июнда билдирип, «үмүтүн актабаганын» айткан.

«Кантип түшүнсө болот? Алар кызматка келгенде эле өзгөрүп кетишет. Облустук прокурорлордон 100-50 миң доллар алышат. Прокуратура менен Салык кызматынын кызматкерлеринин баары паракорлор. Мен билем. Мен Муродовго ишенгем», - деген анда Мирзиеев.

44 жаштагы Отабек Муродов былтыр жыл башында президенттин буйругу менен кызматка келген болчу. Анын убагында мурунку башкы прокурор Рашид Кадыров, атайын кызматтын башчысы Ихтиёр Абдуллаев менен бирге ондогон орган кызматкерлери камакка алынып, кылмыш иштери козголгон.

Бирок быйыл январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Шавкат Мирзиёев эки жолу Муродовду атап, анын ишине наарызы боло баштаган.

«Эй, прокурор, мени жакшылап ук. Кылмыштар азайбаса мен сени районго прокурор кылып жөнөтөм. Анан куугунтукта жүрөсүң», - деп коркуткан анда президент башкы прокурорду.

Муродов кызматтан алынып, сурак берип жатканы расмий тастыкталгандан кийин Башкы прокуратуранын жыйынында премьер-министр Абдулла Арипов менен президенттин администрация башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов аны юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин чининен жана бардык мамлекеттик сыйлыктардан ажыраткан.

«Тазалык» иштери

Өзбекстандын Башкы прокуратурасында «кадрдык тазалоо» мурунку башкы прокурорлор Рашид Кадыров менен Ихтиёр Абдуллаев камакка алынгандан кийин башталган.

Өзбекстандын азыр камакта отурган башкы прокурорлору. Сүрөттө (солдон оңго): Рашид Кадыров, Ихтиёр Абдуллаев жана Отабек Муродов.
Өзбекстандын азыр камакта отурган башкы прокурорлору. Сүрөттө (солдон оңго): Рашид Кадыров, Ихтиёр Абдуллаев жана Отабек Муродов.

Быйыл апрелде Башкы прокуратурада жетекчилердин 66 пайызы алмаштырылганы кабарланган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматы боюнча эми Отабек Муродовдун тегерегиндеги бир нече мамлекеттик кызматкер коррупциялык кылмыш үчүн сурак берип, айрымдары ага каршы көрсөтмө берүүдө.

Учурда прокуратура менен күч түзүмдөрүндө «кадрдык тазалоо» жүрүп жатканы, айрым облустук прокурорлор өз ниети менен жумуштан кетип жатканы кабарланууда. «Азаттыктын» өзбек редакциясына кызматтан алынгандардын жана өз каалоосу менен кетип жаткан аткаминерлердин тизмеси жөнөтүлгөн. Бирок ал маалыматтарды мамлекеттик органдар тастыктай элек.

Отабек Муродов ким?

Отабектин атасы Бахриддин Муродов Яккабаг районунда аким болуп жүрүп, кийин Мубарек районунда газ иштеткен мекеменин жетекчисинин орун басары болгон. Энеси 20 жылдан ашык райондук сотту башкарган. Атасы мурунку президент Ислам Каримов менен Кашкардарыя облусунда бирге иштеп, Отабек 1997-жылы юридикалык факультетти аяктаганда Каримовдун камкордугу менен прокуратурага ишке алынган. Каримовдун заманында президенттик администрациянын башкы консультанты, юстиция министринин орун басары, мамлекеттик кеңешчи болгон.

2017-жылы жаңы президент Шавкат Мирзиёев аны саясий укуктар боюнча мамлекеттик кеңешчи кылган.

Кезектеги башкы прокурор

20-июнда башкы прокурорлук кызматка Мажилистин ылдыйкы палатасынын спикери Нигматулла Юлдашев дайындалган.

57 жаштагы Нигматулла Юлдашев экс-президент маркум Ислам Каримовдун убагында Мажилистин ылдыйкы палатасынын башчысы болуп дайындалып, 12 жыл бою формалдуу түрдө мамлекеттеги экинчи адам болуп эсептелип келген.

Баш мыйзамга ылайык Каримовдон кийин ал мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткарышы керек эле. Бирок Юлдашев 2016-жылы 8-сентябрда күтүүсүздөн тактан баш тартып, өз милдеттерин Шавкат Мирзиёевге өткөрүп берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG