Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Өзбекстан: прокурордон оомат кетти


Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов.
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов.

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылды. Өткөн жумада ал кызматынан алынып, кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Экс-башкы прокурор Отабек Муродовду сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратуу чечими 20-июнда премьер-министр Абдулла Арипов менен президенттин администрация башчысы Зайнилобиддин Низомиддиновдун катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды. Маалыматты «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына эки башка булак ырастады.

Жакында эле 44 жаштагы Отабек Муродовго кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана берүү айыптары боюнча кылмыш иши козголгон. Айрымдар ал камакка алынганын айтышууда, бирок бул тууралуу расмий кабарлана элек. Муродовго кылмыш иши козголгону тууралуу өткөн жумада парламенттин 20-пленардык жыйынында президент Шавкат Мирзиёев билдирген.

Өлкө башчысы Муродов анын ишенимин актай албаганын кошумчалады.

«Муну кандай түшүнсө болот? Алар кызматка отурары менен өзгөрүшөт экен. Облус прокурорлорунан 50-100 миң доллар көлөмүндөгү пара алышат. Прокуратура жана салык кызматында иштегендердин баары паракорлор. Мен бул тууралуу билем. Мен Муродовго ишенгем».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 15-апрель, 2019-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 15-апрель, 2019-жыл.

Андан тышкары президент кылмыш иши козголгон мурдагы аткаминерлердин баарын катаал жаза күтүп турганын айтты.

«Эгер прокуратура коррупцияга белчесинен батып калса, мен кантип инвесторлорду тартам? Инвестор өлкөдөгү кырдаал тууралуу депутат же өкмөт мүчөсүнөн сурабайт, ал ишкерге кайрылат. Ал эми ишкер эмне демек эле? Албетте прокурор да, министр да пара алышарын айтат. Бардык мурдагы жетекчилер, Абдуллаев болобу, башкасы болобу көп жылга эркинен ажыратылат. Жакында угасыңар, алар кылган кылыктары үчүн жооп бериши керек».

Президент жаңы башкы прокурор Нигматулла Юлдашевге бул тармактагы коррупциялык системаны түп-тамырынан жок кылып, реформалоо үчүн алты ай бергенин билдирди.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын өз булактарынын ырастоосуна караганда, Муродовго айыптар андан мурдагы прокурор Абдуллоевге козголгон кылмыш иштин алкагында тагылды.

Муродов Мирзиёевдин каарына жыл башында эле калган. 10-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент экс-башкы прокурорго ишиндеги кемчиликтерди оңдоого алты ай бере турганын эскерткен.

Жаңы дайындалган башкы прокурор Нигматулла Юлдашев жана мурдагы экс-башкы прокурор Отабек Муродов.
Жаңы дайындалган башкы прокурор Нигматулла Юлдашев жана мурдагы экс-башкы прокурор Отабек Муродов.

Өзбекстанда соңку төрт жылда төрт жолу баш прокурор алмашты. Алардын баарына кылмыш иштери козголду.

Бул кызматка жаңы келген 57 жаштагы Нигматулла Юлдашев буга чейин Сенат төрагасы болгон. Маркум Ислам Каримовдун тушунда ал дээрлик 12 жыл өлкөдөгү экинчи адам болуп турган.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, Каримовдун көзү өткөндөн кийин өлкөнү убактылуу башкарып туруу вазыйпасы Сенат төрагасына өтмөк. Бирок президент Каримов каза тапканы кабарлангандан кийин төрт күн өткөн соң Юлдашев күтүүсүздөн өлкөнү убактылуу жетектөөдөн баш тартып, бул ыйгарым укукту ал кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевге өткөрүп берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG