Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Өзбекстан: мурдагы башкы чекист бир айга камалды


Ихтиёер Абдуллаев.
Ихтиёер Абдуллаев.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаев коррупция боюнча айыпталып камакка алынганы кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Абдуллаев бир айга камалып, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө абагында сурак берип жатат.

Буга чейин өзбекстандык маалымат каражаттары Ихтиёр Абдуллаев ден соолугуна байланыштуу 11-февралда кызматтан кеткенин жана ошол эле күнү кармалганын жазышкан.

52 жаштагы Абдуллаев атайын кызматты 2018-жылдын 31-январынан тартып башкарган. Ага чейин башкы прокурор жана Өзбекстан парламентинин жогорку палатасына мүчө болуп иштеген.

Ал "кызмат абалынан кыянат пайдаланган, пара берген жана алган" деп айыпталып жатканы маалымдалды.

Өзбекстандык аткаминерлердин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына Ихтиёр Абдуллаев өзүнүн туугандары жана атайын кызматтын бир нече кызматкери камалгандан кийин иштен алынганын айтып берди.

Башка булактар бул окуяларга Абдуллаевдин президент Шавкат Мирзиёев менен пикир келишпестиги себеп болгонун белгилешти. Экөөнүн чатагы Мирзиёев Мамлекеттик коопсуздук кызматы өз үй-бүлөсүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшап, алардын артынан аңдуу уюштурганын билгенден кийин башталган деген маалымат бар.

2-февралда Мирзиёев коопсуздук кызматтын төрагасынын биринчи орун басарлыгына кудасын (кызынын кайын атасын) дайындаган.

XS
SM
MD
LG