Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Бишкек ыш боюнча дүйнөдө кайрадан биринчи орунда


Ыш каптаган баш калаа.
Ыш каптаган баш калаа.

26-январда дүйнөдөгү абанын сапатын текшерген индекс боюнча Бишкек шаары эң кир абасы менен кайрадан биринчи сапка чыкты.

Абанын сапатын көзөмөлдөгөн «World Air Quality» индекси боюнча ыш каптаган шаарлардын биринчиси болуп Бишкек, андан кийин Кытайдын Шенян, үчүнчү орунда Бангладештин Дака шаары турат.

Абадагы уулуу заттардын көлөмү 404 микробөлүм деп көрсөтүүдө. Мындай көрсөткүчтү адистер адамдын саламаттыгына опурталдуу экени белгиленет.

Бишкекте эң булганыч жерлер катары Новопавловка айылы 772, Жаш Гвардия бульвары менен Боталиев көчөсүнүн кесилиши 769, Ак-Өргөө жаңы конушу 766 деп көрсөтүүдө.

Бир нече айдан бери Бишкек абасы кир шаарлардын сап башында турат. Адистер буга шаардагы жаңы конуштардын сапатсыз көмүр менен ысышы себеп болуп жатканын айтышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG