Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Электр жарыгын пайдалануу лимиттен ашып жатканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын облус, шаарларында электр жарыгы ашыкча колдонулуп, коюлган лимиттен ашып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрдагы маалымат жыйында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев билдирди.

"Электр жарыгын үнөмдөп колдонсок, кыштан чыгып кетебиз. Маал-маалы менен өчүрүү болбойт. 1-ноябрга чейин пландалган оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Эми өчүрүүлөр болбойт, айрым жерлерде гана авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Былтыркыга караганда быйыл 2-3 млн. кВт саатка көп электр энергиясы коротулуп жатат”, - деди Байгазиев.

Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдык “критикалык чекте” экенин моюнга алууда. Суу аздыгынан электр энергиясы тартыш болуп, керектөөчүлөр коюлган лимиттен ашып жаткандыгы, көмүр жетишсиз экени Жогорку Кеңеште өкмөттүн кышкы сезонго карата даярдыгын караган жыйында айтылган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жалпы энергетика секторундагы абалды "критикалык оор" деп баалаган.

Октябрь айына карата Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд. 396 млн. 957 миң кВт сатты түздү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG