Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Калаба “каармандары” кармалабы?


Кандуу калаба карапайым элге керек эмес болчу.
Кандуу калаба карапайым элге керек эмес болчу.

Өлкө түштүгүндөгү кандуу калабанын башталганына туура бир ай толсо да окуя кантип тутанганы боюнча талаштарга азырынча чекит коюла элек. Убактылуу өкмөт коогалаңды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түздү.

Ошол эле учурда Убактылуу өкмөт окуяны эл аралык иликтөөгө алынышына да кызыкдар экендигин билдирген.

Бул аралыкта башаламандыктарды уюштурууга катышы бар деп шектелгендердин бирөө Казакстандын, экөө Тажикстандын аймагынан кармалышты. Бирок чагымдын башында турушкан деп айыпталып, буга чейин кылмыш иштери козголгон экс-депутаттар Кадыржан Батыровду жана Иномжан Абдрысуловду издөө иштери жыйынтык бере элек.

5-июлда Тажикстандын Согду облусунда коогалаңдан кийин качып барган деген шек менен кармалган эки адам Кыргызстандын укук коргоо органдарына тапшырылды. Алардын бири Өзбекстандын, экинчиси болсо Кыргызстандын жарандары экендиги белгилүү болду. Ошондой эле алардын “Ислам Жихады союзу” террордук уюмга мүчө экендиктери жана эл аралык издөөдө жүрүшкөндүктөрү аныкталган.

Буга удаалаш Алматыга жакын Бурундай айылынан Кара-Суу райондук милиция башчысын жана анын айдоочусун мыкаачылык менен өлтүрүүнү уюштурган деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун кызматкери Бакыт Сейитов билдирди:

- Учурда Алматы шаардык ИИБнын камагында жатат. Азыр аны Кыргызстанга жеткирип, жоопкерчиликке тартуу боюнча иш кагаздары Башкы прокуратура тарабынан даярдалып, алып келүү иш-чарасы чечилип жатат. Райондук милициянын башчысын жана айдоочусун өлтүргөндүгү жана ошондой эле Кара-Суудагы башаламандыктарды түздөн-түз уюштурган адам катары шектелип, издөөдө болчу.

Из кубарлардын айтымында, бул кармалгандар чагымдын аткаруучулук милдеттеги кенже тобуна гана кириши мүмкүн. Ал эми аны түздөн-түз башкарган жана уюштурган адамдар коогалаң учурунда өлкөдөн чыгып кетишкен. Бул боюнча айыпталган экс-депутаттар Кадыржан Батыровду жана Иномжан Абдрасуловду ички иштер органдары учурда эл аралык издөөгө берүүгө шашпай турушат. Муну Убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдары боюнча координатору Азимбек Бекназаров бул багытта атайын эрежелердин бар экендиги менен байланыштырды.

- Интерполго бериле элек. Бирок экөөнө тең камоого соттон санкция алынып, издөө жарыяланган. Интерполго бериштин процедурасы бар. Алгач ички органдар бир мөөнөт издеп анан кийин гана табылбаса аларга суроо-талап жөнөтүшү керек. Ар кандай маалыматтар бар. Батыровду Эмиратта жүрөт деп жатышат. Иномжанды да ошол жакта жүрөт деген сөздөр бар. Өзбекстанда, Казакстанда, Орусияда жүрүшөт экен деген имиш-имиштер бар. Азыр учурда оперлер бул боюнча иштеп жатышат.

Ошол эле учурда Иномжан Абдрасуловдун коогалаң башталгандан төрт күн мурун Жалал-Абаддан Ошту көздөй келе жатканда Куршап аймагынан кармалгандыгы боюнча ишенимдүү булактан маалымат түштү. Өз атын атагысы келбеген Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында, Иномжан Абдрасулов мыйзамсыз курал-жарактарды уунасына салып жүргөндүгүнө карабастан белгисиз себептерден улам бошотулуп жиберилген.


- Булар Жалал-Абадга өтүп кетет да, анан кайра кайтып келе жатканда тосушат. Анан Иномжанды биздин балдар кармашкан. Автомат такап турганда Иномжан өзү “кеземе оны мага, нема кезеяпсан, менда ям бар ондай автомат, ана-мына” деп. Анан уже барып машинасынын багажын карасак, автоматтар жүрөт. РОВДга алып барып, ал жерде жанагы процесс башталганда УВДдан чакырып, Ошко алып келгиле деди.

Андагы милиция жетекчилигинин түшүнүксүз аракеттеринен улам, Иномжан Абдрасулов Жалал-Абадга кандай максатта, ким менен жолугушканы барганы, курал-жарактарды эмне үчүн салып жүргөндүгү боюнча суроолор жоопсуз калган. Бул боюнча тактоо аракеттерибизден майнап чыккан жок.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Кубанычбек Кадыров ар-кайсы шылтоонун башын бирден айтып, суроого жооп берүүдөн баш тартты. Укук коргоо органдары боюнча координатор Азимбек Бекназаров Иномжан Абдрасуловго коогалаңдан мурун эскертүү берилгендигин тастыктады.

- Тополоң болгонго чейин ага кылмыш иши козголгон эмес. Ошон үчүн коё берсе керек. Кылмыш иши он биринде козголуп, кармоого аракет жасалган. Бирок он бири күнү эле анын Оштон чыгып кеткени белгилүү болуп жатат. Бирок ага чейин өзбек улуттундагы жарандарды чогултуп алып, мыйзамсыз митинг, чогулуштарды өткөргөндүгү үчүн прокуратурадан эскертүү алган.

Коогалаңдан кийин Иномжан Абдрасуловдун Кашкар-Кыштактагы айылындагы үйүн тинтүү учурунда бир топ курал-жарактар жана ок-дарылар табылган.

Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аракеттерине өзбек улутундагылар арасында да терс баалар берилүүдө. Аравандын өзбек улутундагы тургуну Айбек Хамидов кандуу калабага чейин аталган эки экс-депутаттын коомчулук алдында сүйлөгөн сөздөрү элди козуткандыгын белгиледи.

-Элдер айтып жатышат ошону бекер кылган деп. Жанагы Кадыржан Батыров телекөрсөтүүдөн сүйлөп чыкпады беле. Ошонусу чыңалууга катализатор болбодубу. Карапайым элге мындай керек эмес эле да. Элге тынчылык болсо болду. Аларга кылмыш иши козголгон болсо бир эле факты эмес, көп фактылар боюнча болушу мүмкүн. Билбейм эми булар кармалганда билинет.

Отко ширенке чагып коюп, качып кеткен адамдардын залакасы карапайым калкка тийип, жүздөгөн адамдар окко учуп, миңдеген адамдар оор жараат алышса, эки миңден ашуун адам үй-жайынан ажыраган. Ош шаарынын тургуну Комилжан Убайдуллаев чагымды баштаган адамдар сот жоопкерчилигинен качканы менен абийир сотунан, жетим-жесирдин көз жашынан кача алышпайт деп эсептейт.

- "Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасулов – ошол паразиттер эле кылды" деп эл сөгүп жатышат. Алар жакшы жүргөндө ушул иштер болбойт эле деп айыптап жатышат. Ошолор бул нерсе менен көбүрөк аралашты деген пикир бар. Жалал-Абаддагы митинг үчүн эле аларды айыптаса болот. Булар көрлүгү (сокурдугу) үчүн ушул иштерди кылып коюшту. Эми элдин алдында жооп бериши керек деп эсептейм. Эмне жетишпейт? Бардыгы жакшы болуп келе жатканда ана-мына деп ультиматум коюп, саясаттын “с”сын да түшүнбөй ушуну жасашты. Мүмкүн буларды бирөө үйрөткөндүр.

Анткен менен бул айыптоолор боюнча Иномжан Абдрасулов менен Кадыржан Батыровдун жактоочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Аталган экс-депутаттар өздөрү да коогалаңдан кийин журналисттер менен байланышка чыгыша элек.

Буга чейин чатакташкан экинчи тарапты да козутуп, чагымды уюштурган мурунку бийликтин бир топ аткаминерлеринин ысымдары аталган эле. Бирок алардын ичинен мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганы Санжар Бакиев гана кармалды. Мындан сырткары башаламандык учурунда адам өлтүрүүгө, талап-тоноочулукка жана башка оор кылмыштарга тиешеси бар деген шек менен жүзгө жакын адам камакка алынды.

XS
SM
MD
LG