Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

HRW июнь коогасы боюнча иштер аягына чыкпаганын сындады


2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик, Ош шаары, 10-июнь 2019-жыл.
2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик, Ош шаары, 10-июнь 2019-жыл.

"Human Right Watch" эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Кыргызстандагы июнь окуяларынын 10 жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты. Анда кыргыз бийлиги 2010-жылы июнь коогасы учурунда жана андан кийин орун алган укук бузууларга жооптуу адамдарды аныктап, акыйкаттыкты орнотуу багытында керектүү чараларды көрө албаганы белгиленген.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм улут аралык араздашууга байланыштуу кылмыш иштеринин көбү аягына чыкпай калганы, айрым сот иштери кыйноо тууралуу айыптар менен коштолгонун билдирди.

"Кыргызстандын түштүгү көптөн бери улут аралык ачык чырдын аймагы болбой калса да, мурдагы укук бузууларга жоопкерчилик алынбаса, чөлкөмдөгү узак мөөнөттүк туруктуулуктун келечеги боюнча негиздүү тынчсыздануулар кала берет", - деп билдирди "Human Right Watch" уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Ритман.

Уюм кыргыз бийлигин укук бузуу менен коштолгон кылмыш иштерин кайра карап чыгууга, мамлекеттик органдарга, өзгөчө күч түзүмдөрүнө этносттук топторун өкүлдөрүнүн келишин камсыз кылууга үндөгөн. Ошондой эле июнь окуялары боюнча өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу эл аралык уюмдардын өтүнүчүн канааттандырууга чакырган.

Бүгүн, 10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду. 2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы,57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19унун дагы эле изи чыга электиги айтылып келатат. Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватованын айтымында, 2010-жылкы июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш иши козголгон.

"Анын ичинен 360 иштин бети ачылган. Мунун 319у сотко жөнөтүлүп, 511 кишиге айып тагылган. 3919 иш убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда иликтөө баскычында турган кылмыш иштери жок. Бирок ошол эле кезде кылмыш иштеринин алкагында аны ачуу үчүн ыкчам издөө иш-чаралары улантылып келет", - деп билдирди Куватова.

XS
SM
MD
LG