Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Беларус соту алты журналистти күнөөлүү деп тапты


4-сентябрда камактан чыккан журналисттер.
4-сентябрда камактан чыккан журналисттер.

Беларус баш калаасы Минскидеги райондук сот апта башында кармалган алты журналистти “мыйзамсыз жүрүштөргө катышкан” деп таап, аларды үч күнгө камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Бирок журналисттер сотко чейин убактылуу кармоочу жайда бир нече күн камакта кармалгандыктан 4-сентябрдын кечинде боштондукка чыгышты. Алар өздөрүнө коюлган айыпты четке кагышты.

Беларустагы эркин TUT.BY басылмасы менен «БелаПАН» жаңылыктар агенттигинин жана «Комсомольская правда в Беларуси» гезитинин кабарчылары 1-сентябрда студенттердин бийликке каршы жүрүштөрүн чагылдырып жүргөн маалда кармалган.

Беларус бийлиги 27-28-август күндөрү элүүдөй журналисттин аккредитациясын текшериш үчүн кармап, айрым чет өлкөлүк кабарчыларды депортация кылган. 17 журналисттин, анын ичинде «Азаттыктын» беларус кызматынын төрт кабарчысынын аккредитациясы жокко чыгарылган. 2-сентябрда «Журналисттерди коргоо комитети» Беларус бийлигин өз ишин аткарып жаткан журналисттерге ыдык көрсөтүүнү токтотууга чакырган.

Беларуста президент Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган шайлоонун жыйынтыгына каршы демонстрациялар 9-августтан бери токтобой жатат. Шайлоону жеңгенин билдирген оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская жума күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылуу жасамай болду.

XS
SM
MD
LG