Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Минскиде студенттердин тилектештик акциясынын катышуучулары кармалды


Минск шаары. 5-сентябрь, 2020-жыл.
Минск шаары. 5-сентябрь, 2020-жыл.

Беларус мамлекеттик университетинин студенттери 5-сентябрда окуу жайдын башкы корпусунун алдына чогулуп, шаардын борбордук бөлүгүн көздөй жөнөшкөн. Акцияга миңден ашуун студент чыккан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары ондогон студенттерди полиция кызматкерлери жана белгисиз адамдар кармап, номери жок автобустарга салып кеткенин маалымдашты. "Весна" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, жүрүштө он беш студент кармалды.

Университеттин бир канча студент кыздары окуу жайдын жетекчилигинин дарегине видео кайрылуу жолдоп, кармалган жигиттерди бошотууга көмөктөшүүгө чакырышты.

"Биз шаардын көчөлөрүндө тынчтык жүрүш менен баратканда белгисиз адамдар жана милициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери балдарды кармап кетишти. Биз мыйзам бузган жокпуз. Минск мамлекеттик лингвистикалык уинверситетинин студенттерин колдоо үчүн баратканбыз. Буга баа берүүгө чакырабыз",- деп айтылат студенттердин кайрылуусунда.

Минск шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери акыйкат шайлоо жана полициясынын үстөмдүгүнө каршы бир нече күндөн бери нааразылык билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG